Электрондук кабылдама

+996 (312) 39-23-66;

г.Бишкек, просп. Чуй 265а

Электрондук почта
Корреспондент-мүчө Абылабек Асанканов: «Байыркы көчмөндөрдүн маданиятынын негизинде жашообузду улантып келе жатабыз»

21-июнда Кыргыз Республикасынын Улуттук илимдер академиясында “Заманбап айдыңдагы байыркы жана орто кылымдардагы көчмөн коомдор мейкиндик жана убакыт аралыгында” аталышындагы эл аралык илимий конференция өттү. Илимий иш-чаранын максаты байыркы коомдогу көчмөндөрдү изилдеген окумуштуулардын башын бириктирүү менен аталган доорду жана коомду дүйнөлүк коомчулукка жайылтууга аракет жасоо болду.

Ошондой эле конференциянын жүрүшүндө археологиялык, этнографиялык жана тарыхый материалдардагы Борбордук Азиянын, анын ичинде Кыргызстандын көчмөн коомдорунун социалдык, саясий жана маданий маселелери талкууланды.

Иш-чара Дүйнөлүк көчмөндөр оюнунун жана Алтай цивилизациясы боюнча мамлекеттик программанын алкагында өткөрүлүп, кыргыз элинин белгилүү археологу И.Кожомбердиевдин 90 жылдыгына арналды.

КР УИАнын Тарых жана маданий мурас институтунун директору, корреспондент-мүчө, тарых илимдеринин доктору Абылабек Асанканов конференциянын актуалдуу болуп эсептелген көчмөндөрдүн маданиятына арналгандыгын белгилеп: “Бүгүнкү иш-чарага Украинадан скифтердин маданиятын изилдеген, Казакстандан сактар менен усундардын маданиятын изилдеген окумуштуулар келип отурат. Негизинен байыркы жана орто кылымдардагы көчмөндөр – дүйнөлүк коомчулукка кандайдыр бир артта калган, маданияты өнүкпөгөн коом катары көрсөтүлүп келген. Өзгөчө Европа тарапка ошондой таасир калтырганы маалым. Эгерде тереңден карап көрө турган болсок, көчмөндөрдүн цивилизациясы тескерисинче, жер иштеткен этностордон айырмаланган, өзүнчө бир маданиятты түзгөн. Алардын мамлекеттүүлүгү, элдик календары, медицинасы, ветеринариясы, ариби болуп зор материалдык жана рухий маданиятты өзүнө камтыган. Азыр биз ошол маданияттын негизинде жашообузду улантып жатабыз. Андыктан, биздин максатыбыз бул маселени дүйнөлүк деңгээлге чыгаруу” – деди.

КР УИАнын Тарых жана маданий мурас институтунун окумуштуусу, археолог, тарых илимдеринин кандидаты Кадича Ташбаева өзүнүн докладында белгилүү археолог Исман Кожомбердиевди эскерип: “Окумуштуу менен көп жылдар бою иштешип калдык. Ал менин илим жолундагы устатым дагы болду. Илим дегенде ичкен ашын жерге койгондугу, өтө билимдүү болгондугу, эмгекчилдиги менен башкалардан айырмаланып турчу. Эрте жетим калгандыгына карабай, согуш жылдарынан кийин абдан жакшы окугандыгы үчүн Ленинградга окууга жиберилген”, – деген оюн кошумчалады.

Аталган конференцияга КР УИАнын тарыхчы-окумуштуулары жана башка Кыргызстандык тарыхчылар, КР УИАнын ардактуу академиги Юлий Худяков (Россия), Украина илимдер академиясынын Археология институтунун окумуштуусу Вячеслав Баранов жана Казакстандын Биринчи президентинин китепканасынын кызматкери, тарых илимдеринин доктору Газиз Телебаевдер катышты.

Украина илимдер академиясынын Археология институтунун окумуштуусу Вячеслав Баранов докладында Украинадагы эрте орто кылымдарга таандык Пастер шаарчасы жөнүндө айтып берип: “Ал Европанын тарыхындагы уникалдуу көрүнүш болуп, элдердин отурукташуусундагы маанилүү учур болгон ”, – деп сыпаттады.

Иш-чараны КР УИАнын Тарых жана маданий мурас институту, КРнын Билим жана илим министрлигине караштуу Илим департаменти, КР Президентинин Аппаратынын алдындагы “Мурас” фонду жана Ж.Баласагын атындагы Улуттук университети


Экс-президент Национальной академии наук КР, академик Шарипа Жоробекова: Указ президента КР о мерах по повышению вклада науки в устойчивое развитие страны вышел в феврале, уже должны были разработать «дорожную карту» по оптимизации научной отрасли, но пока особых мер нет.

Президентское решение должно выполняться, Академию наук и подход к науке в стране действительно надо модернизировать и менять, вузовскую науку надо интегрировать с академической и повышать их научную отдачу, главное – провести эти преобразования так, чтобы они принесли пользу не только Академии, но и государству и обществу. Никакое государство не может быть серьёзным без фундаментальной науки, а для этого нужно соответствующее финансирование…

128
Окумуштуулар
24
Ачылыштар
19
Патенттер