Электрондук кабылдама

+996 (312) 39-23-66;

г.Бишкек, просп. Чуй 265а

Электрондук почта
КР УИАнын президенти, академик Мурат Жуматаев Монголия илимдер академиясынын президенти Рэдгел Дугер менен жолукту

20-июнда Кыргыз Республикасынын Улуттук илимдер академиясынын президенти, академик Мурат Жуматаев Монголия илимдер академиясынын президенти Рэдгел Дугер баш болгон делегацияны кабыл алды. Жолугушуунун алкагында эки тараптуу илимий кызматташуу, тажрыйба алмашуу, жогорку квалификациялуу илимий кадрларды даярдоо жана илимий мекемелер аралык кызматташуу боюнча сүйлөшүүлөр жүрдү.

Академик Мурат Жуматаев илимдер академиянын биргелешип иштеше турган көп мүмкүнчүлүгүн айтып, УИАнын түзүмү, келечектеги пландары жөнүндө маалымат берип кетти.

Жолугушууда КР УИАнын Биотехнология институтунун директору, корреспондент-мүчө Асанкадыр Жунушев буга чейин Монголия илимдер академиясы менен айыл-чарба тармагы, мал чарбачылыгы боюнча мекеме аралык кызматташуулар башталып, бирок колдоого алынбай калгандыгын белгилеп: “Мындан ары ошол аракеттерди жандандырып айыл-чарба тармагындагы илимий тажрыйбалар менен бөлүшсөк болот. Мисалы, тоо жандыгы болгон топоздордун өзүлөрүн алмаштыра албасак да, уруктарын алмашып, аргындаштыруу тажрыйбаларын байкап көрөлү. Андан сырткары эки элди жакындаштырган жылкы бар. Бул маселенин дагы изилденбеген тараптарын биргелешип изилдесек болот”, – деди.

Ал эми Монголия илимдер академиясынын президенти Рэдгел Дугер КР УИАга болгон расмий иш сапарынын негизги максаты эки тараптуу илимий кызматташуу экендигин билдирип: “Жакынкы арада меморандум аркылуу кызматташууну жолго коёлу. Иштешүүнүн жолдорун тактап, кайсы тармактарда, илимдин кайсы багыттарында иш алып кетээрибизди аныктайлы. Биргелешкен илимий иш-чараларды өткөрөлү”, – деген оюн ортого салды.

Жолугушууга катышкан тарых илимдеринин доктору Чолпон Койчуманова тарых илими тармагындагы иштерди улантууну сунуштап: “Өткөн жылы болгон Кыргызстан менен Монголиянын дипломатиялык кызматташтыгынын 25 жылдыгына арналган иш-чарада, Монголиянын башкы элчилиги биргелешип эл аралык илимий-практикалык конференция өткөрүү сунушун киргизген эле. Ал эми конференция болсо заманбап мүнөздөгү тарыхый темада болмок. Ага карата КР УИА менен Тарых жана маданий мурас институтунун кызматкерлери программа түзүп, уюштуруу иштерин даярдай баштаган. Бирок, тилекке каршы, элчилик каражат маселесине байланышкан себептерден улам, конференцияны өткөрүү мөөнөтүн 2018-жылга жылдырган эле. Ошондой эле биздин окумуштуулар менен Монголия илимдер академиясынын Тарых жана археология институтунун ортосунда тарых жана археология илимине тийиштүү илимий долбоорлор менен иштешүү боюнча сүйлөшүүлөр жүргөн. Долбоорго биргелешип зоо беттериндеги жазууларды изилдөө, Чагатай мамлекетине тийиштүү казуу иштери камтылган. Жалпы илимий-изилдөө иштерине байланыштуу бир нече долбоор каралганы менен иш жүзүнө ашкан эмес. Андыктан, тарыхчылар менен археологдордун катышуусунда чоң бир иш чара өткөрүп, ошол эле маалда меморандумга кол коюп, долбоорлор жөнүндө сүйлөшүп алганыбыз туура болот деген ойдомун”, – деди.


Экс-президент Национальной академии наук КР, академик Шарипа Жоробекова: Указ президента КР о мерах по повышению вклада науки в устойчивое развитие страны вышел в феврале, уже должны были разработать «дорожную карту» по оптимизации научной отрасли, но пока особых мер нет.

Президентское решение должно выполняться, Академию наук и подход к науке в стране действительно надо модернизировать и менять, вузовскую науку надо интегрировать с академической и повышать их научную отдачу, главное – провести эти преобразования так, чтобы они принесли пользу не только Академии, но и государству и обществу. Никакое государство не может быть серьёзным без фундаментальной науки, а для этого нужно соответствующее финансирование…

128
Окумуштуулар
24
Ачылыштар
19
Патенттер