Электрондук кабылдама

+996 (312) 39-23-66;

г.Бишкек, просп. Чуй 265а

Электрондук почта
КР УИАнын окумуштуусу Азык Орозонова эл аралык форумга катышты. Ашхабадд. Туркменистан.

КР УИАнын Дж.Алышбаев атындагы Экономика институтунун Эл аралык экономика бөлүмүнүн жетекчиси, экономика илимдеринин кандидаты, КР УИАнын жаш окумуштуулар кеңешинин төрайымы Азык Орозонова 12-13-июнда Түркмөнстандын борбор шаары Ашхабадда өткөн “Илим, техника жана инновациялык технология” аталышындагы эл аралык форумга катышты.

фото4Аталган өлкөнүн илим күнүнө арналган форумда А.Орозонова “Туризмдин санариптешүүсү – экономикалык өнүктүрүүнүн фактору катарында” деген докладын окуду. Анда Кыргызстандагы туризм чөйрөсүнүн азыркы учурдагы абалы,туристтик тейлөө кызматтарынын экспортунун жана импортунун динамикасына сереп салынып, туристтик чөйрөдөгү ишканаларга анализ жасалды. Ошондой эле аталган чөйрөгө карата болгон санариптештирүүнүн алгылыктуу таасирлери каралды.

Форумга Россиянын, Япониянын, Кореянын, Улуу Британиянын, Франциянын, Германиянын, Италиянын, Испаниянын, Финляндиянын, Болгариянын, Беларуссиянын, Грузиянын, Армениянын, Латвиянын, Эстониянын, Украинанын, Ирандын, Азербайжандын, Тажикстандын, Кыргызстандын, Казакстандын окумуштуулары катышкан. Анда энергетикадан баштаган экологиянын ар кыл чөйрөдөгү тармактарына алдыңкы иштелмелерди киргизүү жана андагы маселелерге арналган талкуулар болгон.


Экс-президент Национальной академии наук КР, академик Шарипа Жоробекова: Указ президента КР о мерах по повышению вклада науки в устойчивое развитие страны вышел в феврале, уже должны были разработать «дорожную карту» по оптимизации научной отрасли, но пока особых мер нет.

Президентское решение должно выполняться, Академию наук и подход к науке в стране действительно надо модернизировать и менять, вузовскую науку надо интегрировать с академической и повышать их научную отдачу, главное – провести эти преобразования так, чтобы они принесли пользу не только Академии, но и государству и обществу. Никакое государство не может быть серьёзным без фундаментальной науки, а для этого нужно соответствующее финансирование…

128
Окумуштуулар
24
Ачылыштар
19
Патенттер