Электрондук кабылдама

+996 (312) 39-23-66;

г.Бишкек, просп. Чуй 265а

Электрондук почта
“Региондорду өнүктүрүү жылына” арналган отчёттук иш-чара

3-июнда Кара-Жыгач айылында КР УИАнын социалдык-билим берүүчү долбоорунун “Региондорду өнүктүрүү жылына” арналган отчёттук иш-чарасы өттү.

Иш-чарага Билим берүү жана илим министринин орун басары А.Муратов, УИАнын президенти, М.Жуматаев, Билим берүү жана илим кызматкерлеринин Кесиптик кошундун Борбордук комитетинин төрагасы А.Токтогулов, академик А.Акматалиев, вице-президент О.Тогусаков, УИАнын президиумунун окумуштуу катчысы Б.Женбаев, Чүй облусунун губернаторунун орун басары Солтонбекова А., Кара-Жыгач айыл өкмөтүнүн өкүлдөрү, айылдын окуучулары катышты.

Аталган УИАнын социалдык-билим берүүчү долбоорунун максаты – КР УИАнын кызматкерлеринин турак-жай маселесин чечүү жана айыл жериндеги балдарды окутуу максатында академиялык билим берүүчү борборду түзүп, иштетүү.

Иш-чарада УИАнын президенти М.Жуматаев социалдык-билим берүүчү долбоордун мааниси, КР Президентинин “Региондорду өнүктүрүү жылына” арналган Токтом жөнүндө айтып келип, төмөнкүлөрдү кошумчалап кетти:

– Быйылкы “Региондорду өнүктүрүү жылы” боюнча иш-чарага биз жасап жаткан иштер да дал келип калды. Ошондуктан бул демилгелерди колдоого чакырам. Мындай долбоорду Бишкек шаарынын тегерегиндеги дагы бир топ айыл өкмөттөрүнө сунуштайбыз. Аталган иш-чара эки жакка тең пайда алып келүүдө. Себеби бир жагынан окумуштуулардын социалдык маселеси чечилип жатса, экинчи жагынан биздин келечегибиз – балдарды ар тараптуу тарбиялоо, илимге кызыктыруу иштери колго алынууда.

Ал эми Билим берүү жана илим министринин орун басары А.Муратов окуучуларды өткөн 1-июнь – Эл аралык балдарды коргоо күнү жана жайкы каникулдардын башталышы менен куттуктап, долбоор жөнүндө мындай деди:

– Бул иш-чараны уюштурган КР УИАнын кесиптер кошунунун жетекчисине терең ыраазычылык билдирип кетсем. Ал эми долбоор жөнүндө айтсам, башталганына 2 жылдан ашып калды. Азыркы күнү эле бул иштер бир топ ийгиликтерге жетүүгө мүмкүнчүлүк берип жатыптыр. Демек, бул иш бардык региондор үчүн үлгү болуп калат деген ишеничтемин.

Иш-чарада мугалимдердин, окумуштуулардын жашоо-шартын жакшыртуу маселеси боюнча Өкмөт, Жогорку Кеңеш менен иштешкенге аракеттер көрүлүп жаткандыгы, КР УИАнын кесиптик кошунунун аракети менен дагы да башка долбоорлор каралып жаткандыгы, мындай долбоорлор Кыргызстандын жети дубанына жайылтылып жаткандыгы айтылды.

Келген коноктор УИАнын социалдык-билим берүүчү долбоору, академшаарча менен таанышып, Маданият Үйүндө ийримге катышкан балдардын күчү менен даярдалган чакан концертти көрүп кетишти.


Экс-президент Национальной академии наук КР, академик Шарипа Жоробекова: Указ президента КР о мерах по повышению вклада науки в устойчивое развитие страны вышел в феврале, уже должны были разработать «дорожную карту» по оптимизации научной отрасли, но пока особых мер нет.

Президентское решение должно выполняться, Академию наук и подход к науке в стране действительно надо модернизировать и менять, вузовскую науку надо интегрировать с академической и повышать их научную отдачу, главное – провести эти преобразования так, чтобы они принесли пользу не только Академии, но и государству и обществу. Никакое государство не может быть серьёзным без фундаментальной науки, а для этого нужно соответствующее финансирование…

128
Окумуштуулар
24
Ачылыштар
19
Патенттер