Электрондук кабылдама

+996 (312) 39-23-66;

г.Бишкек, просп. Чуй 265а

Электрондук почта
Академик Советбек Токтомышевдин 75 жаш юбилейи

30-майда Кыргыз Республикасынын Улуттук илимдер академиясынын президиуму техника илимдеринин доктору, профессор, академик Токтомышев Советбек Жайлообековичти 75 жаш кутман курагы менен куттуктады.

Белгилүү окумуштууну КР УИАнын президенти, академик Мурат Жуматаев белгилүү окумуштуунун жеке касиеттерин, илимдеги ийгиликтерин айтып, буларды кошумчалап кетти:

– Советбек Жайлообекович академиянын ишине, кыргыз илиминин тагдырына, келечегине чын дилинен күйгөн инсан. Кайсы убакытта болбосун өзүнүн кеп-кеңешин айтып турат. Биз сиз менен сыймыктанабыз.

Мааракенин ээси Советбек Жайлообекович Токтомышев да өз сөзүндө куттуктоолорго ыраазычылык билдирип, учурда илимий эмгектин үстүндө иштеп жаткандыгын бөлүшүп, коллективге ийгилик каалады.

– Урматтуу академиянын Президиумунун мүчөлөрү, УИАнын жамааты! Убакыттын бирдигинде сиздерди чоң бийиктиктер күтүп турат. Азыр ааламдашуу, планетардык ой-калчоо, санариптик технология деп жатабыз. Илим болбосо элдин жашоосу көтөрүлбөйт. Ошондуктан сиздерге ийгилик каалайм!

Советбек Жайлообекович 1943-жылы Чүй облусуна караштуу Москва районунун Предтеченка айылында жарык дүйнөгө келген. 1965-жылы Новосибирск мамлекеттик университетин бүтүргөн. Космостук изилдөө жана атмосфера физикасы тармагы боюнча адис. 200дөн ашуун эмгектин автору. Бишкек Политехникалык университетинде, Кыргыз Улуттук университетинде окутуучу катары эмгектенип, бир катар монография жана окуу куралдарын жазган.


Экс-президент Национальной академии наук КР, академик Шарипа Жоробекова: Указ президента КР о мерах по повышению вклада науки в устойчивое развитие страны вышел в феврале, уже должны были разработать «дорожную карту» по оптимизации научной отрасли, но пока особых мер нет.

Президентское решение должно выполняться, Академию наук и подход к науке в стране действительно надо модернизировать и менять, вузовскую науку надо интегрировать с академической и повышать их научную отдачу, главное – провести эти преобразования так, чтобы они принесли пользу не только Академии, но и государству и обществу. Никакое государство не может быть серьёзным без фундаментальной науки, а для этого нужно соответствующее финансирование…

128
Окумуштуулар
24
Ачылыштар
19
Патенттер