КР УИАнын Химия жана фиотехнология институту 2 жылдан бери Япониялык эл аралык кызматташтык боюнча JICA агенттиги менен долбоорлор аркылуу кызматташып келет. Жогоруда аталган “Кыргыз Республикасындагы токой продукциясынынын негизинде айыл бизнесин өнүктүрүү боюнча” долбоору чычырканактын тикенексиз сортторунан Чүй, Ысык-Көл жана Талас облустарынын 7 токой чарбасына заманбап элиталык күнөсканаларды куруу максатын көздөйт.
Учурда аталган 7 токой чарбасында Ливасенко атындагы багбанчылык илим-изилдөө институту менен кызматташуунун негизинде алынып келинген чычырканактын 7 ургаачы жана 1 эркек сорту отургузулуп, адаптация болуу жөндөмү текшерилүүдө. Андан сырткары институттун кызматкерлеринин илимий консультациясынын аркасында, чычырканактын былтыр отургузулуп, бутактанып калган көчөттөрүн көбөйтүү боюнча иштер жүрүп жаткан убагы. Ошондой эле адаптация болууга мүмкүнчүлүгү бар делген чычырканактарды изилдөө иштери уланууда. Институттун кызматкерлеринде жогорку сорттогу чычырканакты өстүрүү менен өсүмдүктүн табигый популяциясына болгон антропогендик прессинг бир кыйла азаят деген ишеним бар. Бул өзгөчө Ысык-Көлдүн акваториясына тиешелүү болуп, анын мөмөсүнөн ар кандай азык-түлүк жана фармацевтикалык продуктыларды иштеп чыгуу мүмкүнчүлүгү жаралат.
- Подробности
- Автор: admin
- Просмотров : 1647