Кыргыз Республикасынын Улуттук илимдер академиясынын окумуштуусу, Ж.Алышбаев атындагы Экономика институтунун Эл аралык экономика бөлүмүнүн жетекчиси, КР УИАнын Жаш окумуштуулар кенешинин төрагасы, экономика илимдеринин кандидаты Азык Орозонова Астана шаарында 17-19-май күндөрү өткөн экономикалык Global Challenges Summit форумуна катышты.
Форумда адам ишмердүүлүгүнүн бардык аспектилеринин санариптешүүсү, энергетикалык революция, планетадагы калк санынын өтө тездик менен өсүп жатышы, урбанизациянын, глобалдуу эмгек рыногунун темпинин өзгөрүүсү сыяктуу планетардык өнүгүүнүн мегатренддери жана маанилүү болуп саналган экономика, инвестиция жана инновация маселелери тууралуу талкуулар жүрдү.
КР УИАнын окумуштуусунан сырткары, пленардык отурумдарда Казакстандын президенти Нурсултан Назарбаев, белгилүү физик Митио Каку, MIT Sloan School of Management компаниясынын негиздөөчүлөрүнүн бири – Эндрю Макафи, Apple Computer компаниясынын негиздөөчүлөрүнүн бири – Стив Возняк, БУУнун 8-Башкы катчысы – Пан Ги Мун, Франциянын экс-президенти Франсуа Олланд, Британиялык Chatham House компаниясынын төрагасы – Джим О’Нил жана Яндекс компания топторунун генералдык директору – Аркадий Волож катышты.
- Подробности
- Автор: admin
- Просмотров : 1497