Электрондук кабылдама

+996 (312) 39-23-66;

г.Бишкек, просп. Чуй 265а

Электрондук почта
Академик А.Кутанов: “Инновацияны ишке ашырууда, аны жайылтууда илимдер академиясынын Технопаркынын орду чоң болот”

15-майда Улуттук илимдер академиясында “Ийгиликтүү технопарктар жана мыкты тажрыйба” темасында тегерек стол өттү.

Иш-чаранын максаты технопарктарды өнүктүрүүнүн тажрыйбасын бөлүшүү, Кыргыз Республикасында Технопарктарды түзүү жана өнүктүрүү үчүн финансыны тартуу жолдорун талкуулоо.

– Биздин институттарда өтө көп иштелмелер бар, бирок алар ишке киргизиле элек. Мына ошол эмгектер Технопарк аркылуу ишке кириши абзел. Мында

Европанын тажрыйбасы биз үчүн абдан маанилүү, себеби бүгүн бизге Эстониянын, Австриянын Технопарк курууда тажрыйбасы көп өкүлдөрү келип отурат. Бүгүнкү тегерек столдун шарапаты менен алардын иши менен таанышып, ошондой эле илим жаатында чыгармачылык байланыш түзүлүп жатат. Келечекте Европадагы өнөктөштөр, илимдер академиясынын илимпоздору, алдыңкы жогорку окуу жайлар биргелешип идеяларды, инновациялык иштелмелерди ишке ашырабыз деп ойлойм. Азыр биз “Евразия илим курун” түзө баштайбыз. Мында Улуттук илимдер академиясынын Технопаркынын инновацияны ишке ашырууда, аны жайылтууда орду чоң болот – деди УИАнын академиги Аскар Кутанов.

Ал эми интеллектуалдык менчик жана технологияларды өткөрүү боюнча Эстония борборунун Генералдык директору Мариус Кунингас иш-чаранын натыйжасына канааттангандыгын билдирди. Өзүнүн билдирүүсүндө ал технопарктарды өнүктүрүү жаатындагы тажрыйба алмашууга жана иштиктүү мамиле түзүүгө кызыкдарлыгын билдирди.

Тегерек столдун катышуучулары технопарктарды түзүүгө жана өнүктүрүүгө акчаны кантип тартуу керектигин, төгөрөгү төп келген Технопарк кандай болушу керектиги, аны түзүүнүн көйгөйлөрү жана келечеги жөнүндө ой бөлүштү.

Машине таануу институтунун директору Бактыбек Султаналиев УИАнын Технопаркы, анын учурдагы абалы, бүгүнкү күндөгү көйгөйлөрү жана келечеги жөнүндө билдирүү жасады.

– Мага Эстониянын Технопарк түзүү боюнча тажрыйбасы жакты. Ишти кантип уюштурган, анын өндүрүшкө ашыруу циклы кандай уюшулган – биз анын жакшы жактарын алышыбыз абзел. Академиянын Технопаркты түзүү боюнча иштери салыштырып караганда көп экен – деген оюн билдирди ал.

Тегерек столду Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнө караштуу интеллектуалдык менчик жана инновациялар кызматы (Кыргызпатент) уюштурган.


Экс-президент Национальной академии наук КР, академик Шарипа Жоробекова: Указ президента КР о мерах по повышению вклада науки в устойчивое развитие страны вышел в феврале, уже должны были разработать «дорожную карту» по оптимизации научной отрасли, но пока особых мер нет.

Президентское решение должно выполняться, Академию наук и подход к науке в стране действительно надо модернизировать и менять, вузовскую науку надо интегрировать с академической и повышать их научную отдачу, главное – провести эти преобразования так, чтобы они принесли пользу не только Академии, но и государству и обществу. Никакое государство не может быть серьёзным без фундаментальной науки, а для этого нужно соответствующее финансирование…

128
Окумуштуулар
24
Ачылыштар
19
Патенттер