Электрондук кабылдама

+996 (312) 39-23-66;

г.Бишкек, просп. Чуй 265а

Электрондук почта
«Салттуу музыкалык искусство этностордун дүйнө таанымында жана маданиятында» аттуу конференция өттү

2019-жылдын 24-апрелинде Кыргыз Республикасынын Улуттук илимдер академиясынын А.Алтмышбаев атындагы философия, укук жана социалдык-саясий изилдөөлөр институту тарабынан уюштурулган 25-апрель – Салттуу музыка күнүнүн 15 жылдыгына арналган «Салттуу музыкалык искусство этностордун дүйнө таанымында жана маданиятында» аттуу Эл аралык илимий-практикалык конференция болуп өттү.


Эл аралык илимий-практикалык конференцияга оозеки салттагы профессионалдык-музыкалык искусствону изилдеген этномузыка таануучулар, илимдин докторлору, кандидаттары, профессорлор К.Дуйшалиев, Р.Аманова, С.Субаналиев (Кыргызстан), Г.Омарова, С.Елеманова (Казахстан), Б. Жумаев, С. Абдуллаев (Өзбекстан) ж.б. катышышты. Анда салттуу музыкалык искусствонун философиялык, социологиялык, этнопедагогикалык, филологиялык ж.б. өңүттөрү (аспекттерде),XX-XXI кытлымдарда салттуу музыканын искусствонун башка түрлөрүндө интерпретацияланышы, салттуу музыканы алып жүрүүчүлөрдүн жана «устат-шакирт» өнөрканасынын орду, салттуу музыкалык искусствону изилдөөнүн заманбап абалы тууралуу маселелери каралды.

Иш-чарада талкууланган, алыскы жана жакынкы өлкөлөрдөн сунушталган этномузыка таануучулардын илимий баяндамалары «Кыргыз Республикасынын Улуттук илимдер академиясынын кабарлары» илимий журналына, атайын чыгарылыш болуп, академия тарабынан каржыланып, басылып чыгаары маалымдалды. Андан сырткары, катышуучуларга КР УИА тарабынан сертификаттар тапшырылды.

   

Эскерте кетсек, Кыргыз Республикасынын Маданият, маалымат жана туризм министрлигинин 2019-жылдын 18-февралындагы буйругуна ылайык, өлкөбүздө “Салттуу музыка Жумалыгынын” иш-чаралары 20-апрелден тарта өткөзүлүп келе жатат

 


Экс-президент Национальной академии наук КР, академик Шарипа Жоробекова: Указ президента КР о мерах по повышению вклада науки в устойчивое развитие страны вышел в феврале, уже должны были разработать «дорожную карту» по оптимизации научной отрасли, но пока особых мер нет.

Президентское решение должно выполняться, Академию наук и подход к науке в стране действительно надо модернизировать и менять, вузовскую науку надо интегрировать с академической и повышать их научную отдачу, главное – провести эти преобразования так, чтобы они принесли пользу не только Академии, но и государству и обществу. Никакое государство не может быть серьёзным без фундаментальной науки, а для этого нужно соответствующее финансирование…

128
Окумуштуулар
24
Ачылыштар
19
Патенттер