Электрондук кабылдама

+996 (312) 39-23-66;

г.Бишкек, просп. Чуй 265а

Электрондук почта
Маданият, искусство жана дүйнө тааным маселелерине арналган илимий-практикалык конференция

Кыргыз Республикасынын Улуттук илимдер академиясында “Ааламдашуу шартында улуттук иденттүүлүктү сактоодогу салттуу музыкалык искусствонун ролу” аталышындагы эки күнгө созулган Эл аралык илимий-практикалык конференция өттү. Иш-чарада салттуу музыкалык искусствону изилдөө жана маданият, искусство жана дүйнө тааным маселелерине байланышкан пленардык жана секциялык отурумдар болду.

Салттуу музыка күнүнө карата жана Ч.Айтматовдун 90 жылдыгына арналган илимий-практикалык конференцияга окумуштуулар, искусство таануучулар, коомдук ишмерлер, коңшу мамлекеттерден келген өнөр адамдары менен музыка тармагын изилдөөчүлөр катышты.

КР УИАнын президенти, академик Мурат Жуматаев конференциянын катышуучуларына ийгилик каалап: “Искусство тармагындагы жаш кадрларды өстүрүү маселеси жолго коюлуп, кандидаттык, докторлук, диссертацияларды коргоого шарт түзүлгөнү алдыга карай илгерилөөнүн негизги белгиси болуп саналат. Ал эми жаш муунду элдик музыкалык маданиятты сактоого үндөө жана профессионалдык музыкалык маданиятты өнүктүрүү максатында өткөрүлүп жаткан бул иш-чара өзгөчө окуя катары кабыл алынышы керек”, – деди.

КР УИАнын Философия жана саясий-укуктук изилдөө институтунун кызматкери, философия илимдеринин доктору Калбүбү Сариева конференциянын мааниси тууралуу айтып жатып: “Салттуу музыкага байланыштуу өтүп жаткан иш-чара өнөр адамдары үчүн абдан пайдалуу болушу мүмкүн. Ал эми ошол искусство тармагын изилдегендер үчүн пайдасы андан дагы артууда. Анткени, муну менен изилдей турган маселелерге байланышкан көптөгөн, ар тараптуу жолдор ачылып жатат”, – деген оюн кошумчалады.

Иш-чараны КР УИАнын Философия жана саясий-укуктук изилдөө институту, КРнын Маданият, маалымат жана туризм министрлиги жана “Кыргыздын салттуу музыкасы” фонду уюштурду.


Экс-президент Национальной академии наук КР, академик Шарипа Жоробекова: Указ президента КР о мерах по повышению вклада науки в устойчивое развитие страны вышел в феврале, уже должны были разработать «дорожную карту» по оптимизации научной отрасли, но пока особых мер нет.

Президентское решение должно выполняться, Академию наук и подход к науке в стране действительно надо модернизировать и менять, вузовскую науку надо интегрировать с академической и повышать их научную отдачу, главное – провести эти преобразования так, чтобы они принесли пользу не только Академии, но и государству и обществу. Никакое государство не может быть серьёзным без фундаментальной науки, а для этого нужно соответствующее финансирование…

128
Окумуштуулар
24
Ачылыштар
19
Патенттер