Электрондук кабылдама

+996 (312) 39-23-66;

г.Бишкек, просп. Чуй 265а

Электрондук почта
Белгилүү драматург Жаныш Кулмамбетовдун «Кыргыз театры» аттуу китебинин бет ачары

16-апрелде Кыргыз Улуттук илимдер академиясында Ч.Айтматов атындагы Тил жана адабият институту тарабынан уюштурулган белгилүү театр таануучу жана драматург Жаныш Кулмамбетовдун «Кыргыз театры» аттуу китебинин бет ачары болду.

«Кыргыз театры. Тарыхый-теориялык экскурс» аттуу китебинде автор кыргыздын эпикалык театрына аныктама берип, урунттуу учурларын саясий-идеологиялык контекстте карап, 1926-жылдан баштап бүгүнкү күнгө чейинки 100 жылга чамалаган тарых барактарын тартуулайт. 4 бөлүмдөн турган изилдөө эпикалык театрдан тоталитардык жана эгемендик доорлорду баштан кечирген кыргыз театрынын тарыхын камтыйт.

КР УИАнын Ч.Айтматов атындагы Тил жана адабият институтунун директору, академик Абдылдажан Акматалиев автордун театр айдыңындагы, котормочулуктагы эмгектерин баса белгилеп: «Жаныш Кулманбетов Кыргызстанда эле эмес, Орто Азиядагы театрлар чөйрөсүндө өзгөчө белгилүү адам. «Кыргыз театры» китеби ошол чыгармачыл багытты көздөй бет алган, көп жылдан бери эмгектенип келаткан ишинин жыйынтыгы. Андыктан, бул эмгекти коомчулукка жайылтууга салымыбызды кошолу, жардамдашалы, бул биздин негизги ниетибиз болду», – деди.

Ал эми театр таануучу Жаныш Кулманбетов эмгегинин мазмуну тууралуу айтып жатып: «Китептин биринчи бөлүгүнө аристотелдик театр жаралганга чейин өзүнүн архаикалык касиетин сактап калган, улуттук-эпикалык же баяндоочу кыргыз театры кирди. Ал азыркы кезге чейин манасчылык театры катары жашап келет. Андан сырткары тоталитардык доордогу европалык театрдын жаралышы, театрдын басып өткөн 90 жылы – 10 жылдан бөлүнүп жазылды. Ал эми акыркы бөлүгүнө соңку 25 жылдагы кыргыз театрынын тарыхы камтылды», – деп кошумчалады.

Иш-чарага КР УИАнын окумуштуулары, театр жана кино ишмерлери, искусство таануучулар, адабиятчылар жана жалпы театр өнөрүнө кызыккандар катышты.

Китептин жооптуу редактору: Ч.Айтматов атындагы Тил жана адабият институтунун директору, академик Абдылдажан Акматалиев. Рецензенттери: искусство таануу илимдеринин доктору К.Дүйшалиев жана филология илимдеринин доктору С.Байгазиев.

Маалымат үчүн:

70ке жакын пьесанын автору Жаныш Кулмамбетовдун ысымы Кыргызстан менен чектелбестен, КМШ өлкөлөрүндө да кеңири белгилүү. Автордун чыгармалары Казакстан, Тажикстан, Өзбекстан жана Армениянын басылмаларында жарык көрүп, пьесалары сахналаштырылган. Кыргыз коомчулугуна жыйырмага чукул кинофильмдин, 4 даректүү фильмдин, 17 спектаклдин режиссеру катары да белгилүү. Кулмамбетовдун котормосунда кыргыз театр сүйүүчүлөрү Жан-Батист Мольер, Оскар Уайльд, Антон Чехов, Вуди Аллен, Тажи Муккамад жана башка көптөгөн драматургдардын пьесалары менен таанышкан. Автордун «Театр дүйнөсүндө», «Режиссер Бообек Ибраев», «Ак куу болуп асманда ай баратат», «Жылдыздар жерде жашашат» аттуу китептери кыргыз театрынын калыптанышына жана өнүгүшүнө зор салым кошкон инсандардын өмүр баянын жана чыгарамачылык бейнесин кеңири жана жеткиликтүү чагылдырат. Ж.Кулмамбетов А. Токомбаев, Т. Абдумомунов, С. Асанбеков атындагы сыйлыктардын, Айтматов эл аралык сыйлыгынын ээси, «Эргүү» улуттук театр сыйлыгынын лауреаты.


Экс-президент Национальной академии наук КР, академик Шарипа Жоробекова: Указ президента КР о мерах по повышению вклада науки в устойчивое развитие страны вышел в феврале, уже должны были разработать «дорожную карту» по оптимизации научной отрасли, но пока особых мер нет.

Президентское решение должно выполняться, Академию наук и подход к науке в стране действительно надо модернизировать и менять, вузовскую науку надо интегрировать с академической и повышать их научную отдачу, главное – провести эти преобразования так, чтобы они принесли пользу не только Академии, но и государству и обществу. Никакое государство не может быть серьёзным без фундаментальной науки, а для этого нужно соответствующее финансирование…

128
Окумуштуулар
24
Ачылыштар
19
Патенттер