Электрондук кабылдама

+996 (312) 39-23-66;

г.Бишкек, просп. Чуй 265а

Электрондук почта
ИААМИКАнын “Азиядагы азык-түлүк коопсуздугу жана айыл-чарбасындагы изилдөөлөрдүн мүмкүнчүлүктөрү, андагы маселелер” аталышындагы доклад

Илимдер академияларынын жана Азия мамлекеттеринин илимий коомчулуктарынын ассоциациясы (ИААМИКА) азык-түлүк коопсуздугу жана айыл-чарба тармагы боюнча “Азиядагы азык-түлүк коопсуздугу жана айыл-чарбасындагы изилдөөлөрдүн мүмкүнчүлүктөрү, андагы маселелер” аталышындагы эмгектин отчёту даярдап, (http://aassa.asia/achievements/) веб-сайтына жарыялады.

XXI кылымда адамзаттын алдында турган эң актуалдуу проблемалардын бири  – саны өтө тездик менен өсүп жаткан дүйнө калкын экономикалык, маданий, социалдык жана экологиялык туруктуулук менен өндүрүлгөн жана жетиштүү  камдалган пайдалуу азык-түлүк менен камсыз кылуу. Андан сырткары, керектелүүчү таза азык-түлүктүн (азык-түлүктөрдү натыйжалуу ченем менен өндүрүү) саны ченемдүү болушу шарт. Анын ичинде жер, суу жана башка ресурстарды глобалдуу климаттык өзгөрүүлөрдүн шартында чектен чыкпай натыйжалуу колдонуу зарыл. Учурда бул маселе өтө олуттуу болууда.

ИААМИКА тарабынан кабыл алынып, бул докладка тиркелген ыкма Океания / Азия чөлкөмүндөгү азык-түлүк коопсуздугунун аспектилерине сереп салууга багытталган. Ошондой эле ал анын алдыдагы болжолдуу өсүшүнө  жана тамак-аш жетишсиздиги менен азык-түлүктөрдү натыйжасыз пайдаланууга карата айтылган. Докладда көбүнесе илим жана илимий билим берүүгө байланышкан маселелерге кененирээк орун берилип, анда региондордогу азык-түлүк коопсуздугун илгерилетүүгө байланышкан илимий ыкмалар талкууга алынып, билим берүүдөгү жетишпестиктер таамай көрсөтүлгөн. Негизги жыйынтык дисциплиналар аралык биргелешкен илимий-изилдөөчүлүк жана билим берүүчүлүк программаларын каржылоо жана калыпка салуу зарылдыгына келип такалат.

ИААМИКАнын эксперттик тобу бардык формадагы тамак-аш жетишсиздиги менен күрөшүүгө болот деп эсептейт. Эгерде Азиянын келечектеги жашоочулары туура тамактансын десе, билим берүү системасын жетиштүү түрдөгү глобалдуу инвестиция менен камсыз кылуу керектигинен күмөн санабайт. Алдыда жасалуучу иштер арбын. Региондун азык-түлүк өндүрүү жана керектөөчүлөрдү жетишээрлик, жогорку сапаттагы түрдүү тамак-аш менен камсыз кылуу жөндөмдүүлүгүнө тоскоол болгон нерселерди таап чыгуу керек. Билимди алдыга жылдыруу үчүн ар кыл региондордон эң жакшы деген ресурстарды чогулта турган дисциплиналар аралык биргелешкен илимий-изилдөө программаларын калыпка салуу жана каржылоо кажет. Ал эми аталган билим так берилип, эркин жана болушунча кенен таратылышы керек.


Экс-президент Национальной академии наук КР, академик Шарипа Жоробекова: Указ президента КР о мерах по повышению вклада науки в устойчивое развитие страны вышел в феврале, уже должны были разработать «дорожную карту» по оптимизации научной отрасли, но пока особых мер нет.

Президентское решение должно выполняться, Академию наук и подход к науке в стране действительно надо модернизировать и менять, вузовскую науку надо интегрировать с академической и повышать их научную отдачу, главное – провести эти преобразования так, чтобы они принесли пользу не только Академии, но и государству и обществу. Никакое государство не может быть серьёзным без фундаментальной науки, а для этого нужно соответствующее финансирование…

128
Окумуштуулар
24
Ачылыштар
19
Патенттер