Электрондук кабылдама

+996 (312) 39-23-66;

г.Бишкек, просп. Чуй 265а

Электрондук почта
Академик Аскар Кутановдун 60 жылдыгына карата видеоконференция өткөрүлдү

Кыргыз Республикасынын Улуттук илимдер академиясында (КР УИА) техника илимдеринин доктору, академик Аскар Кутановдун 60 жылдык юбилейине жана илимий ишмердүүлүгүнө 38 жыл толушуна карата видеоконференция өттү.

КР УИАнын президенти, академик Мурат Жуматаев окумуштууну куттуктап жатып: “Аскар Асанбекович илимдер академиясынын эң жаш академиктеринин бири. Анын илимий ишмердүүлүгү Кыргызстанда жана эл аралык деңгээлде дагы жогорку баасын ала алды. Андан сырткары, КР УИАда болуп жаткан өзгөрүүлөргө салым кошуп жатат. Мисалы, маалыматтык-технология жаатындагы мыкты адис катары КР УИАда өтүлүп жаткан онлайн-жыйналыштарды уюштурууда жардамы чоң. Аскар Асанбекович мындан ары да талыкпай эмгектенип, илимий бийиктерди багындыра берсин” – деген каалоосун айтты.

Окумуштууну мындан бөлөк КР УИАнын жалпы окумуштуулары, ЖОЖдордун окутуучулары, коомдук ишмерлер, Кыргызстандагы физиктер коому жана “CAREN” долбоорунун алкагындагы “Кыргыз илимий жана компьютердик билим берүү тармагы” (KRENA) ассоциациясы куттуктап, каалоо-тилектерин айтышты. Ошондой эле А.Кутановду онлайн режимде Тажикстандагы (TARENA), Түркмөнстандагы (TuRENA), Казакстандагы (KazRENA) жана Венгриядагы (Hungar Net) окумуштуу кесиптештери куттукташты. Ал эми үч өлкө конференцияга онлайн түрүндө катыша алды.

Ошондой эле “CAREN” долбоорунун менеджери др. Роберт Янц (Robert Janz) А.Кутановду кесиптеши жана жакындан тааныган санаалашы катары жогору бааларын айтып келип: “CAREN” долбоорунун алкагындагы бардык уюмдардын атынан сизди юбилейиңиз менен куттуктайм. Сиз бир гана Кыргызстандагы гана эмес, Борбордук Азиядагы маалыматтык-технологиялардын өнүгүүсүнө эбегейсиз салымыңызды коштуңуз. Андыктан, ушул калыбыңыздан жазбай туруктуулук менен өнүгө беришиңизге тилектешмин”, – деди.

Чыгаан окумуштуу жана окутуучу А.Кутанов 150дөн ашуун илимий эмгектин, 2 автордук күбөлүктүн жана 1 евразиялык патенттин ээси. Илимпоз маалыматты оптикалык кайра иштетүүдө жана голография, голографиялык эс-тутум жана маалымат боюнча алдыңкы адис. Анын кол астында 3 кандидаттык диссертация жакталган.

А.Кутанов эмгек жолун 1980-жылы Новосибирск (Россия) Мамлекеттик университетин бүтүрүп келгенден кийин, Фрунзе Политехникалык институтунда кенже илимий кызматкер болуудан баштаган. 1993-96-жылдары Осака университетине профессор катары чакырылып, изилдөө жүргүзүп, студенттерге лекция окуган. 1997-жылы КР Президентинин Жарлыгы менен КР Президентинин алдындагы Башкаруу академиясынын Президент-ректору болгон. Ошондой эле 2004-жылы КР Президентинин Жарлыгы менен Япониядагы Кыргызстандын толук жана ыйгарым укуктуу элчиси болуп дайындалган. Учурда окумуштуу КР УИАнын Физика-техника, математика жана тоо-кен-геологиялык бөлүмүнүн төрагасы. Андан сырткары, “CAREN” Борбор-Азиялык илим изилдөө жана билим берүү түйүнүнүн регионалдык координатору.


Экс-президент Национальной академии наук КР, академик Шарипа Жоробекова: Указ президента КР о мерах по повышению вклада науки в устойчивое развитие страны вышел в феврале, уже должны были разработать «дорожную карту» по оптимизации научной отрасли, но пока особых мер нет.

Президентское решение должно выполняться, Академию наук и подход к науке в стране действительно надо модернизировать и менять, вузовскую науку надо интегрировать с академической и повышать их научную отдачу, главное – провести эти преобразования так, чтобы они принесли пользу не только Академии, но и государству и обществу. Никакое государство не может быть серьёзным без фундаментальной науки, а для этого нужно соответствующее финансирование…

128
Окумуштуулар
24
Ачылыштар
19
Патенттер