Электрондук кабылдама

+996 (312) 39-23-66;

г.Бишкек, просп. Чуй 265а

Электрондук почта
Багыш Сазановдун вариантындагы “Манас” эпосунун үчилтигинин бет ачары өттү

2018-жылдын 17-мартында манасчы Багыш Сазановдун “Манас” эпосунун үчилтигинин (“Манас”, “Семетей”, “Сейтек”) бет ачары өттү.

Иш-чарага окумуштуулар, ЖОЖдордун окутуучулары, жазуучулар, студенттер, манасчылар, Б.Сазановдун туугандары катышты.

Аталган үчилтиктин редактору, академик Абылдажан Акматалиев:

– Ч. Айтматов атындагы Тил жана адабият институту жана К.Молдобасанов атындагы Улуттук консерватория биригип залкар манасчылардын бири Багыш Сазановдун “Манас” эпосунун үчилтигинин (“Манас”, “Семетей”, “Сейтек”) бет ачарын уюштуруп жатат. Бул манасчынын варианттары 1938-40-жылдары жазылып алынган. Араб жана латын тилинде жазылып алынган бул тексттер биздин Кол жазмалар фондунда сакталып турган болчу. Совет учурунда идеологияга байланыштуу жарык көргөн эмес. Анткени Б.Сазановдун вариантында диний түшүнүктөр көп. Ал эми азыр мамлекеттик тилди өнүктүрүү программасынын негизинде атайын акча бөлүнүп, 300 нускадан жарык көрдү. Бул китептердин бардыгы ЖОЖдорго, мектептерге жана китепканаларга акысыз берилди жана электрондук варианттары сайттарга жарыяланды – деп билдирди.

Белгилүү педагог Советбек Байгазиев манасчынын вариантынын кыргыз адабиятындагы ордуна, өзгөчөлүгүнө токтолду:

– “Багыш Сазанов чоң манасчылардын катарында турат. Көркөм сүрөттөөлөрү күчтүү, айлыкча согуш пландарын сүрөттөөдө чеберчилиги укмуш ачылган. Багыш Сазановдун сыр найзаны сүрөттөгөнү “Манас” эпосунун бириктирилген төрт томдугуна киргизилген. Диндик тексттери үчүн чыкпай келди. Бул вариант мамлекет тарабынан эчак эле чыгарылышы керек эле. Бирок жеке демилге менен чыгып жатат”, – деп белгилеп кетти.

Б.Сазановдун вариантындагы “Манас” бөлүгүн түзгөндөрдүн бири, окумуштуу Зарина Кулбаракова иши жөнүндө төмөнкүлөрдү айтып берди:

– Мурда буга чейин айрым үзүндүлөр гана жарыяланып келсе, учурда кол жазма толугу менен транлитерацияланып, китеп болуп чыкты. Китепте эпостун текстине карата айрым сөздөрдүн түшүндүрмөсү, жер-суу аттары, адам аттары жана эл-уруу аттары берилди. Келечекте Багыш Сазановдун варианты башка варианттар менен салыштырылып, ири сюжеттерден тар образдар системасы, мотивдер жана жаныбарлар дүйнөсү изилденет деген ойдобуз.

Иш-чарада жаш манасчы Азиз Биймырза уулу “Манас” эпосунан үзүндү айтып берди.


Экс-президент Национальной академии наук КР, академик Шарипа Жоробекова: Указ президента КР о мерах по повышению вклада науки в устойчивое развитие страны вышел в феврале, уже должны были разработать «дорожную карту» по оптимизации научной отрасли, но пока особых мер нет.

Президентское решение должно выполняться, Академию наук и подход к науке в стране действительно надо модернизировать и менять, вузовскую науку надо интегрировать с академической и повышать их научную отдачу, главное – провести эти преобразования так, чтобы они принесли пользу не только Академии, но и государству и обществу. Никакое государство не может быть серьёзным без фундаментальной науки, а для этого нужно соответствующее финансирование…

128
Окумуштуулар
24
Ачылыштар
19
Патенттер