Электрондук кабылдама

+996 (312) 39-23-66;

г.Бишкек, просп. Чуй 265а

Электрондук почта
Математика, химия, геохимия, биология, медицина, тарых, этнография, филология жана укук илимдери тармагындагы илимий изилдөөлөр басылып чыкты

Кыргыз Республикасынын Улуттук илимдер академиясында “Кыргыз Республикасынын Улуттук илимдер академиясынын докладдары” илимий журналынын жаңы саны жарык көрдү. Илимий журналдын бул санына математика, химия, геохимия, биология, медицина, тарых, этнография, филология жана укук илимдери тармагындагы илимий изилдөөлөр жарыяланды.

Илимий журналга КР УИАнын академиги М.Мамытовдун туюп билүү маселелеринин изилдөөсүнө арналган “Илимий чыгармачылык процессиндеги баш мээнин жана туюп билүүнүн табышмактуу сырлары” аталышындагы илимий эмгеги чыккан. Макалада илимий чыгармачылык ой жүгүртүүсүндөгү туюп-билүү сезиминин механизмдеринин алгачкы сырын ачуу аракети жүргүзүлгөн. Ошондой эле туюп билүү сезими баш мээнин илимий чыгармачылык ой жүгүртүүсүндө негизги ролду аткаруусу далилденген.

КР УИАнын академиги Ш.Жоробекованын “Атразиндин гумин препараттары менен байланышы” илимий изилдөөсү, КР УИАнын академиги Б. Мурзубраимовдун, Химия жана фитотехнология институтунун окумуштуулары З.Кочкорованын, А.Шаршенбек кызынын жана Б.Калчаеванын биргелешкен “Алдын-ала термикалык иштетүүнүн каолин топурагынын кислота менен болгон ажыроосуна тийгизген таасири” иши жарык көрдү.

Андан сырткары, КР УИАнын Тарых жана маданий мурас институтунун окумуштуулары Т.Страусеванын “Кыргызстанды согуштан кийинки мезгилде өнүктүрүүнүн коомдук-саясий жана маданий-агартуу процесстери” жана Т.Арзыбаевдин “Кыргыз-калмак этносаясий байланыштары” макалалары жарыяланды. Ошондой эле илимий журналга укук тармагынан К.Бөкөнбаевдин “Кыргыз Республикасынын азыркы коомдук саясий абалынын контекстиндеги конвергенциясы менен дивергенциясы” эмгеги чыкты.


Экс-президент Национальной академии наук КР, академик Шарипа Жоробекова: Указ президента КР о мерах по повышению вклада науки в устойчивое развитие страны вышел в феврале, уже должны были разработать «дорожную карту» по оптимизации научной отрасли, но пока особых мер нет.

Президентское решение должно выполняться, Академию наук и подход к науке в стране действительно надо модернизировать и менять, вузовскую науку надо интегрировать с академической и повышать их научную отдачу, главное – провести эти преобразования так, чтобы они принесли пользу не только Академии, но и государству и обществу. Никакое государство не может быть серьёзным без фундаментальной науки, а для этого нужно соответствующее финансирование…

128
Окумуштуулар
24
Ачылыштар
19
Патенттер