Электрондук кабылдама

+996 (312) 39-23-66;

г.Бишкек, просп. Чуй 265а

Электрондук почта
“КР УИА кабарлары” илимий журналынын жаңы саны жарык көрдү

Известия“Кыргыз Республикасынын Улуттук илимдер академиясынын кабарлары” илимий журналынын кезектеги санына “Түндүк Тянь-Шанда жайгашкан Көпүрлүсай офиолит комплексиндеги метабазиттердин геохимиясы” аталышындагы изилдөөнүн жыйынтыгы жарыяланды.Аталган эмгек КР УИАнын М.Адышев атындагы Геология институтунун окумуштуулары А.Алдакеев, Р.Орозбаев, К.Сакиевдин жана Кытай илимдер академиясындагы Синьцзян Экология жана география институтунун илимпоздору К.Жоу, В.Що жана М.Сангдын биргелешкен илимий изилдөөсү болуп саналат.

Ошондой эле илимий журналга Р.Оморовдун “Топологиялык сезбестик методу: Синергетикалык системаларга жана хаоско колдонуулары” илимий изилдөөсү, Ф.Пищугин, Б.Сарыбаева жана И.Тулебердиевге таандык “Аскорбин кислотасынын никотинамид жана аминокислоталар менен кошулуусунан пайда болгон азыктар” илимий иши жана Г.Калыкованын “Козу карын илдеттерине каршы күрөшүүнүн химиялык методдору жана анын натыйжалуулугу” деген изилдөөсү жарыяланды.

Андан сырткары “КР УИА кабарлары” илимий басылмасына КР УИАнын академиги Ж.Шаршеналиевдин мамлекеттик бийликтердеги мекемелер менен массалык информациянын социалдык шериктештиги боюнча маселелерди камтыган “Социалдык шериктеш: бизди акылмандуулук гана куткарат” аталышындагы эмгеги жарык көрдү. Ошондой эле журналдагы илимий изилдөөлөрдүн катарын Т.Абдыкасымов, А.Уметалиев жана А.Орозонованын “Санариптик экономика” деп биргелешкен эмгеги толуктады.

Маалымат үчүн: КРнын Жогорку Аттестациялык комиссиясынын 2016-жылдын 37-декабрындагы №246 токтомуна ылайык, “Кыргыз Республикасынын Улуттук илимдер академиясынын кабарлары” илимий журналына чыккан макалаларга 20 баллдык рейтинг ыйгарылат.


Экс-президент Национальной академии наук КР, академик Шарипа Жоробекова: Указ президента КР о мерах по повышению вклада науки в устойчивое развитие страны вышел в феврале, уже должны были разработать «дорожную карту» по оптимизации научной отрасли, но пока особых мер нет.

Президентское решение должно выполняться, Академию наук и подход к науке в стране действительно надо модернизировать и менять, вузовскую науку надо интегрировать с академической и повышать их научную отдачу, главное – провести эти преобразования так, чтобы они принесли пользу не только Академии, но и государству и обществу. Никакое государство не может быть серьёзным без фундаментальной науки, а для этого нужно соответствующее финансирование…

128
Окумуштуулар
24
Ачылыштар
19
Патенттер