13-мартта КР УИАнын жылдык отчётунда өткөн жылда ийгиликке жетишкен бир катар окумуштуулар сыйланды.
Корреспондент-мүчөлөр Ашимов Исабек Ашимович жана Сагымбаев Марат Акимович «Индивиддин илимий-дүйнө-тааным маданиятынын калыптануу жана абалынын өзгөрүү закон ченемдүүлүгү (Ашимовдун теориясы)» деген аталыштагы илимий ачылыш жасашты.
УИАнын президенти М.С.Джуматаев окумуштууларга сыйлыкты тапшырып жатып: “Айта кетсек, бул Кыргызстандагы төртүнчү илимий ачылыш, ошондой эле гуманитардык илимдер жаатындагы биринчи ачылыш. Сиздерге белгилүү болгондой, төрт ачылыштын бардыгы тең Илимдер академиясында жасалган.
Көңүлүңүздөрдү бура турган нерсе, авторлор илимий теорияны гана эмес, илмий идеяны жана илимий гипотезаны дагы каттатып коюшту. Башкача айтканда, башында илимий идея болгон, ал илимий гипотезага өсүп жетти, анан толук кандуу теорияга айланды.
Россия табигый илимдер академиясынын, Илимий ачылыштардын авторлорунун эл аралык академиясынын жана Илимий ачылыштардын авторлорунун эл аралык ассоциациясынын президиумдарынын биргелешкен чечими менен жалпы жыйынтыгында илимий ачылыш катары бекитилди” – деп кошумчалап кетти.
Бул илимий ачылыш илимдер Академиясынын Түштүк бөлүмүнүн Аймактык жана гуманитардык изилдөөлөр институтунда жасалган деген күбөлүк берилген. Себеби, Исабек Ашимович гуманитардык илимдер жаатында Түштүк бөлүмүнүн мүчөсү.
Ошондой эле, ачылыш жөнүндөгү тиешелүү күбөлүктү Аймактык жана гуманитардык изилдөөлөр институтунун директору Омурзакова Турсунай Омурзаковнага тапшырылды.
Иш-чарада ошондой эле Көз карандысыз мамлекеттер шериктештигинин «Шериктештик жылдыздары» мамлекет аралык сыйлыгын ыйгаруу боюнча Кеңештин чечими менен Кыргыз Республикасынын улуттук илимдер академиясынын академиги Алтай Асылканович Борубаев бул сыйлыктын «Илим жана билим берүү» номинациясында 2017-жылдагы лауреаты болгондугу айтылды.
Сыйлык Алтай Асылкановичке илимий жыйынтыктары менен дүйнөлүк илимди байыткандыгы, ири математикалык көйгөйлөрдүн чечилиштери, орто жана жогорку билим берүү үчүн оригиналдуу окуу китептерин жараткандыгы, ошондой эле бир катар окуу-өндүрүштүк комплекстерди түзгөндүгү үчүн ыйгарылган.
- Подробности
- Автор: admin
- Просмотров : 2186