31-мартта, саат 10: 00до Кыргыз Улуттук илимдер академиясынын акыркы беш жылдагы ишмердүүлүгү жана жаңы милдеттери жөнүндө Жалпы чогулуштун жылдык Сессиясы болот. Анда академиянын президенти, академик А.Эркебаев билдирүү жасайт.
Ошондой эле программада КР УИАнын президиумунун башкы окумуштуу катчысы, корреспондент-мүчөсү Ч.И.Арабаев УИАнын 2016-жылдагы илимий жана илимий уюштуруу иштеринин негизги жыйынтыктары жөнүндө маалымат бермекчи.
Иш-чарада Иса Ахунбаев атындагы академиялык сыйлыкты тапшыруу аземи да болот.
Жалпы чогулуштун жылдык Сессиясы Улуттук илимдер академиясынын башкы чоң жыйындар залында өтөт.
- Подробности
- Автор: admin
- Просмотров : 2133