25-апрелде Кыргыз Улуттук илимдер академиясы, Билим берүү жана илим министрлиги жана Clarivate Analytics компаниясы Web of Science маалымат базасын колдонууга байланышкан семинар өткөрөт. Анда Web of Science индексиндеги реферативдүү маалыматтардын базасын колдонуудагы маселелер каралат.
Билим берүү жана илим министрлиги менен Clarivate Analytics компаниясынын ортосундагы келишим боюнча 2017-жылдын 27-декабрынан тарта бардык мекемелер жана илимий уюмдар Web of Science базасына кирүүгө мүмкүнчүлүк алышат.
Семинарга институттардын окумуштуу катчылары, диссертациялык кеңештердин катчылары, аспиранттар менен изденүүчүлөр, илимий кызматкерлер жана УИАдагы бардык кызыккан тараптар катыша алат.
- Подробности
- Автор: admin
- Просмотров : 3292