Электрондук кабылдама

+996 (312) 39-23-66;

г.Бишкек, просп. Чуй 265а

Электрондук почта
Академик Мурат Жуматаев: “Сиздердин эрдиктериңизге таазим этебиз, ыраазычылыгыбызды билдиребиз”

КР УИАнын жетекчилиги КР УИАда эмгектенген Улуу Ата Мекендик согушка катышкан ардагерлерди куттуктады. Ага ооруктун катышуучусу, “1941-45-жылдардагы Улуу Ата Мекендик согуштагы каарман эмгеги үчүн” медалынын ээси, КР УИАнын академиги, техника илимдеринин доктору Ильгиз Айтматов, ооруктун катышуучусу, “1941-45-жылдардагы Улуу Ата Мекендик согуштагы каарман эмгеги үчүн” медалынын ээси, Бейшен Иманакунов, бөлүмдөрдүн төрагалары катышты.

КР УИАнын президентинин милдетин аткаруучу, академик Мурат Жуматаев балалыгы оорукта өткөн илимпоздорго ыраазычылык билдирип, ден соолук каалап, фашизмдин дүйнө жүзүнө алып келген апаатына, мындай коркунуч бүгүн да бар экенине токтолду.

“Сиздердин эрдиктериңизге таазим этебиз, ыраазычылыгыбызды билдиребиз. Биз сиздер алып келген жарык күндү көздүн карегиндей сакташыбыз керек” – деди академик М.Жуматаев.

Ардагерлер согуш маалына туш келген балалыгын эскерип, бүгүнкү күндө тынчтыкты сактап калуунун зарылдыгына токтолушту.

Иш-чаранын аягында КР УИАнын жетекчилиги ардагерлерге белек, акчалай сыйлык ыроолоду.


Экс-президент Национальной академии наук КР, академик Шарипа Жоробекова: Указ президента КР о мерах по повышению вклада науки в устойчивое развитие страны вышел в феврале, уже должны были разработать «дорожную карту» по оптимизации научной отрасли, но пока особых мер нет.

Президентское решение должно выполняться, Академию наук и подход к науке в стране действительно надо модернизировать и менять, вузовскую науку надо интегрировать с академической и повышать их научную отдачу, главное – провести эти преобразования так, чтобы они принесли пользу не только Академии, но и государству и обществу. Никакое государство не может быть серьёзным без фундаментальной науки, а для этого нужно соответствующее финансирование…

128
Окумуштуулар
24
Ачылыштар
19
Патенттер