Электрондук кабылдама

+996 (312) 39-23-66;

г.Бишкек, просп. Чуй 265а

Электрондук почта
УИАда инновациялык айыл чарба борбору ачылат

Кыргыз Улуттук илимдер академиясынын Биотехнология институтунун директору Асанкадыр Жунушев Түштүк Корея мамлекетине иш сапары менен барып, УИА жана аталган мамлекеттин илимий-изилдөө мекемелеринин ортосундагы Меморандумга кол коюп келди. Анда эки тараптуу макулдашуунун негизинде айыл чарба өсүмдүктөрүн өстүрүү жана мал асыроо тармагын инновациялоо боюнча илимий-изилдөө борбору ачылаары белгилүү болду.

Директордун айтуусунда буга чейин мындай келишимдер өнүккөн өлкөлөрдүн ортосунда гана болуп келген. Башкача айтканда Кыргызстан алдыңкы агротехнологиялар менен иш алып бара турган болсо өнүккөн мамлекеттер арасында чоң утушка ээ боло алат. Ошондой эле биринчи долбоордун негизинде кыргыз – корей инновациялык борборунда кореянын жана жергиликтүү тоок тукумдарынын генетикалык изилдөөсү жана аларды адаптациялоо иштери жүргүзүлөт.

“Түштүк Кореяда айыл чарбасын инновациялоонун уникалдуу системасы түзүлгөн экен. Аларда фермерлерди урук, өсүмдүк өстүрүүдөгү жаңы технологиялар менен камсыздоочу жана айыл чарба азыктарын сатууну үйрөтүүчү атайын мамлекеттик структура иш алып барарына күбө болдум. Бул тажрыйбаны биз дагы колдонсок ашыкча болбос эле” – дейт А.Жунушев.

Андан сырткары иш сапардын алкагында генетика жана биотехнология тармагындагы изилдөөлөрдү каржылоо боюнча бир катар гранттык келишимдерге кол коюлган. Ал эми август айында Кыргызстанга ишти андан ары улантуу үчүн Түштүк Кореядан атайын делегация келет.


Экс-президент Национальной академии наук КР, академик Шарипа Жоробекова: Указ президента КР о мерах по повышению вклада науки в устойчивое развитие страны вышел в феврале, уже должны были разработать «дорожную карту» по оптимизации научной отрасли, но пока особых мер нет.

Президентское решение должно выполняться, Академию наук и подход к науке в стране действительно надо модернизировать и менять, вузовскую науку надо интегрировать с академической и повышать их научную отдачу, главное – провести эти преобразования так, чтобы они принесли пользу не только Академии, но и государству и обществу. Никакое государство не может быть серьёзным без фундаментальной науки, а для этого нужно соответствующее финансирование…

128
Окумуштуулар
24
Ачылыштар
19
Патенттер