УИАнын Е.З.Гареев атындагы Ботаникалык багынын кызматкерлери “Музей түнү” маданий-агартуучулук иш-чарасына катышты. Көрүүчүлөр Кыргызстанда өсүп жаткан өсүмдүктөр менен жакындан таанышып, аларга жер бетиндеги жашоону сактап калууда флоранын кандай мааниге ээ экендиги түшүндүрүп берилди.
Катышуучулар өсүмдүктөрдү микроскоп менен көрүүгө мүмкүнчүлүк алышып, айланадагы жандуу жаратылышка жаңы көз караш менен кароого чакырган ботаникалык викторинага катыша алышты.
Болуп жаткан иш-чара тууралуу Ботаникалык бактын ыктыярчы-экскурсоводу Ия Жихарева төмөндөгүлөрдү айтты:
“Мындай таанып-билүүчүлүк иш-чараларын өткөрүү учурдун талабы болуп турат. Өзгөчө экологиялык багыттагысын өткөрүү пайдалуу. Китепке болгон кызыгуусу жоголгон жаш муунду – (мисал үчүн биз колдонуп жаткан) “микромир” деген тема менен жаңы методиканын алкагында илимге кызыктырууга болот. Акыркы убактарда экология тармагындагы жана био ар түрдүүлүктү сактоо боюнча билимдин актуалдуулугу артып, ал тургай жашоо үчүн абдан зарыл болууда” – деди.
Сүрөттө: Е.З.Гареев атындагы Ботаникалык бактын ыктыярчы-экскурсоводдору
- Подробности
- Автор: admin
- Просмотров : 2390