Электрондук кабылдама

+996 (312) 39-23-66;

г.Бишкек, просп. Чуй 265а

Электрондук почта
Тилчи-окумуштуу, профессор Абдувалиевдин 70 жылдык мааракесине арналган конференция өттү

Кыргыз Улуттук илимдер академиясында тилчи-окумуштуу, профессор Ибраим Абдувалиевдин 70 жылдыгына карата «Филология маселелери» аттуу илимий-практикалык конференциясы өткөрүлдү.

Иш-чарада белгилүү окумуштуунун урматына арналган куттуктоолор айтылды. Кесиптештери, шакирттери, окуучулары жана жакын санаалаштары И. Абдуалиевдин инсандык бейнеси, кесиби жана ишмердүүлүгү туурасындагы ой-пикирлерин ортого салышып, каалоо-тилектерин айтышты.

Ч.Айтматов атындагы Тил жана адабият институтунун директору, академик Абдылдажан Акматалиев окумуштуу тууралуу мындай деди:

“Ибраим Абдуалиев биздин муунга чейинки филолог, түркологдордун салтын үзбөй улантып келе жаткан адам. Тил үчүн дагы, адабият үчүн дагы кесипкөйлүк кызматын аткарып келе жатат. Экинчи тарабын айтсам, ал байыркы түрк элдерине тийиштүү “Коркут ата” дастанын биринчилерден болуп кыргыз тилине которгон. Муну менен Абдуалиевдин котормочулук өнөрү дагы бар экендигин баса белгилей кетүүгө болот” – деди.

А. Акматалиевдин айтуусу боюнча филологдун тил жана адабият үчүн жасаган эмгеги зор. Алардын ичинен ал ондогон монографиялардын, окуу китептеринин, окуу куралдарынын автору жана анын артында өзү жетекчилик кылган бир канчалаган илимдин кандидаттары, докторлору турат.

Ошондой эле К. И. Скрябин атындагы Кыргыз улуттук агрардык университетинин Мамлекеттик тил жана тарбия иштери боюнча проректору, педагогика илимдеринин доктору, профессор Светлана Батаканова окутуучусун 70 жылдык юбилейи менен куттуктады.

“И. Абдуалиев сөзү менен иши, адамгерчилиги менен билими айкалышкан инсан. Анын жасаган иштери ат көтөргүс” – деди.

Окумуштууга Кыргызстан тилчилер ассоциациясынын биринчи жолку ардак грамотасы ыйгарылды.

Конференциянын жүрүшүндө кыргыз лексикологиясы жана лексикографиясы, кыргыз тилинин грамматикасы, мамлекеттик тил маселелери боюнча баяндамалар окулду. И.Абдувалиевдин илимий ишмердиги, этимология, лексикография маселелерин изилдөөдөгү өзгөчөлүгү, “Т. Касымбековдун “Сынган кылыч” романындагы каргоо сөздөрүнүн маанилик топтору” туурасында ойлор айтылды.


Экс-президент Национальной академии наук КР, академик Шарипа Жоробекова: Указ президента КР о мерах по повышению вклада науки в устойчивое развитие страны вышел в феврале, уже должны были разработать «дорожную карту» по оптимизации научной отрасли, но пока особых мер нет.

Президентское решение должно выполняться, Академию наук и подход к науке в стране действительно надо модернизировать и менять, вузовскую науку надо интегрировать с академической и повышать их научную отдачу, главное – провести эти преобразования так, чтобы они принесли пользу не только Академии, но и государству и обществу. Никакое государство не может быть серьёзным без фундаментальной науки, а для этого нужно соответствующее финансирование…

128
Окумуштуулар
24
Ачылыштар
19
Патенттер