Электрондук кабылдама

+996 (312) 39-23-66;

г.Бишкек, просп. Чуй 265а

Электрондук почта
УИАнын окумуштуусу жер көчкү боюнча өткөн Эл аралык форумда доклад окуду

Словениянын борбору Любляна шаарында жер көчкү процесстерин изилдеген, мониторинг жүргүзүп, анализ жасаган жана байкоого алган  дүйнөнүн ар тарабынан 500 окумуштуунун башын бириктирген Жер көчкү боюнча бүткүл дүйнөлүк 4-форум (4th World Landslide Forum)  болуп өттү.

Форумда УИАнын Геомеханика жана жер казынасын өздөштүрүү институтунун геоэкологиялык мониторингдер лабораториясынын жетекчиси, техника илимдеринин кандидаты Исакбек Торгоев 2017-жылдагы Кыргызстандын аймагындагы жер көчкүлөрдүн массалык түрдөгү активдешүүсүнүн себептерине жана Тажикстандын Рогун ГЭСиндеги суу сактагычында пайда болуп келе жаткан жер көчкүнү комплекстүү геофизикалык изилдөөгө байланышкан илимий доклад окуду.

Андан сырткары Кыргызстандагы жер көчкүлөр туурасында төмөнкү окумуштуулар доклад жасашты:

  • Борбор Азиялык жер боюнча прикладдык изилдөөлөр институтунун директору Болот Молдобеков (докладдын темасы – Сүлүктү шаарындагы жана Фергана өрөөнүнүн түштүк-батышындагы жер көчкүлөрдү карталаштыруу);
  • Потсдамдагы гео илимдер борборунун (GFZ) изилдөөчүсү Зигрид Рёзнер (доrладдын темасы – дистанциялык зонддук ыкманы колдонуу менен Кыргызстандын түштүгүндөгү жер көчкүлөргө мониторинг жүргүзүү).

Ошондой эле форумдун алкагында фото сүрөттөргө сынак уюштурулган. Кыргызстандан чоң деп эсептелген жер көчкүлөрдүн 5 сүрөтү катышып, Сузак районунан тартылган 2 сүрөт Nikon фирмасынын сыйлыктарына татыган.

Эл аралык иш-чаранын катышуучуларынын 5 томдук эмгеги Springer басмаканасы тарабынан жарыкка чыкты. Кезектеги Жер көчкү боюнча 5чи бүткүл дүйнөлүк форумду 2020-жылы Киото (Япония) шаарында өткөрүү пландалууда.


Экс-президент Национальной академии наук КР, академик Шарипа Жоробекова: Указ президента КР о мерах по повышению вклада науки в устойчивое развитие страны вышел в феврале, уже должны были разработать «дорожную карту» по оптимизации научной отрасли, но пока особых мер нет.

Президентское решение должно выполняться, Академию наук и подход к науке в стране действительно надо модернизировать и менять, вузовскую науку надо интегрировать с академической и повышать их научную отдачу, главное – провести эти преобразования так, чтобы они принесли пользу не только Академии, но и государству и обществу. Никакое государство не может быть серьёзным без фундаментальной науки, а для этого нужно соответствующее финансирование…

128
Окумуштуулар
24
Ачылыштар
19
Патенттер