Электрондук кабылдама

+996 (312) 39-23-66;

г.Бишкек, просп. Чуй 265а

Электрондук почта
Чех эксперти багбанчылык тармагындагы тажрыйбалары менен бөлүштү

УИАнын Э.З. Гареев атындагы Ботаникалык багында Брнодогу (Чехия Республикасы) Мендел атындагы университеттин доктору Радослав Вылк экстенсивдүү багбанчылык туурасында лекция окуду.

Маданий/тарыхый ландшафтта экстенсивдүү түшүм алуу жана ачык асман алдындагы Валаш музейинин мисалындагы маданий мурас катары, тарыхый деп эсептелген данектүү өсүмдүктөрдү Чехия Республикасынын тажрыйбасын колдонуу менен сактоо – лекциянын өзөгүн түздү.

Ошондой эле окумуштуу селекция менен алектенген ышкыбоз-багбандарга дал ошол экстенсивдүү багбанчылык бир канча кылымдык тарыхы бар уникалдуу сорттогу мөмөлүү дарактарды сактап калууга жардам бергени туурасында айтып берди. Р.Вылк мамлекет тарабынан коопсуздук чараларын киргизүү жана илимий изилдөөлөргө көмөк көрсөтүү маанилүү экендигин баса белгилей кетти. Анын айтымында мындай камкордук Чехия Республикасында 300 жылдык четин дарагы (түштүк Карпат) менен түшүмдүүлүгү жогору болгон 180 жылдык алмуруттун уникалдуу түрүн үзбөй өстүрүүгө жардам берген жана бул өсүмдүктөр мыйзам тарабынан коргого алынган.

Андан сырткары эксперт мурунку мезгилдерде Рожновдогу Валаш музейинин курамына кирип келген Европадагы мөмөлүү дарактарды өстүрүүнүн тарыхына кыскача токтоло кетти. Өсүмдүктөрдүн байыркы түрлөрүнө өлкөнүн маданий мурасы жана баалуу генетикалык материал катары мамиле жасоо керектигин кошумчалады.

Түшүм берүүчү өсүмдүктөр менен селекциялык жана тынымсыз изилдөө иштерин жүргүзүп келген Ботаникалык бак, мезгил-мезгили менен чет элдик эксперттерди чакырып тематикалык лекцияларды жана мастер-класстарды өткөрүп келет. Р.Вылк бул жолку иш сапарында жогорку окуу жайларындагы жаш агрардык адистер менен дагы жолугууга жетишти.

Маалымат үчүн:

Брнодогу Мендел атындагы университет – 95 жылдык салттуу тарыхы бар айыл чарба жана токой чарбасы тармагындагы жогорку окуу жайларынын бири. Ошондой эле ал Борбордук-Европалык Техникалык институтунун алдыңкы тажрыйбадагы илимий борборунун бир бөлүгү болуп саналат.


Экс-президент Национальной академии наук КР, академик Шарипа Жоробекова: Указ президента КР о мерах по повышению вклада науки в устойчивое развитие страны вышел в феврале, уже должны были разработать «дорожную карту» по оптимизации научной отрасли, но пока особых мер нет.

Президентское решение должно выполняться, Академию наук и подход к науке в стране действительно надо модернизировать и менять, вузовскую науку надо интегрировать с академической и повышать их научную отдачу, главное – провести эти преобразования так, чтобы они принесли пользу не только Академии, но и государству и обществу. Никакое государство не может быть серьёзным без фундаментальной науки, а для этого нужно соответствующее финансирование…

128
Окумуштуулар
24
Ачылыштар
19
Патенттер