Электрондук кабылдама

+996 (312) 39-23-66;

г.Бишкек, просп. Чуй 265а

Электрондук почта
Ч.Айтматов атындагы Тил жана адабият институтунун кызматкерлерине сыйлыктар тапшырылды

Кыргыз Улуттук илимдер академиясынын Ч.Айтматов атындагы Тил жана адабият институтунун окумуштуулар кеңешинде филолог-окумуштууларга “Кыргыз Республикасынын мамлекеттик тили жөнүндө” мыйзамынын негизинде мамлекеттик тилди жана тил саясатын өркүндөтүүгө кошкон салымы үчүн тил боюнча улуттук комиссиясынын “Кыргыз тили” төш белгиси менен аталган институттун 8 окумуштуусу, ардак грамота менен 18 кызматкери сыйланды.

Ардак грамоталар ээлерине ыйгарылып, аталган комиссиясынын чечими менен төш белгилер сентябрь айында белгилене турган кыргыз тили күнү тапшырылмай болду.

Иш-чарада Тил жана адабият институтунун директору, академик Абдылдажан Акматалиев:

“Былтыркы жылдын эсеби менен иштердин 70-80% аткарылды десек болот. Кандай гана тапшырмалар болбосун өз убагында орундатууга, каржы жагына байланышкан көйгөйлөрдү чечүүгө аракет жасап келүүдөбүз. Алдыда Ч.Айтматовдун 3 томдук энциклопедиясын утурлай дагы 7 томдук энциклопедия чыгаралы деген планыбыз бар. Мамлекет тарабынан бизге моралдык жактан колдоо көрсөтүлүп, ишибиздин бааланып жатканына ыраазычылык билдиребиз” – деп кошумчалап кетти.

Кыргыз Республикасынын Президентине караштуу Мамлекеттик тил боюнча улуттук комиссиянын төрагасы Назаркул Ишекеев жыйында институттун жасаган иштери жана ийгиликтери тууралуу мындай деди:

“Улуттук иденттүүлүктү аныктап туруучу 4 компонент бар: Биринчиси – улуттун тили, экинчиси – тарыхы, кийинкиси – элдин салт-санаасы, маданияты жана төртүнчүсү – аймактык, чөлкөмдүк географиялык баалуулуктар. Силер ошол биринчи компонентке эбегейсиз салымыңарды кошуп жатасыңар. Бул иштеги академик А. Акматалиевдин уюштуруучулук, менеджерлик жана адамгерчилик нарк-насилин баса белгилеп кетишибиз керек. Ошондой эле ушул жерде талыкпай иштеп жаткан сиздердин аракетиңиздердин жыйынтыгы” – деп тилчилерге кайрылуу жасады ал.


Экс-президент Национальной академии наук КР, академик Шарипа Жоробекова: Указ президента КР о мерах по повышению вклада науки в устойчивое развитие страны вышел в феврале, уже должны были разработать «дорожную карту» по оптимизации научной отрасли, но пока особых мер нет.

Президентское решение должно выполняться, Академию наук и подход к науке в стране действительно надо модернизировать и менять, вузовскую науку надо интегрировать с академической и повышать их научную отдачу, главное – провести эти преобразования так, чтобы они принесли пользу не только Академии, но и государству и обществу. Никакое государство не может быть серьёзным без фундаментальной науки, а для этого нужно соответствующее финансирование…

128
Окумуштуулар
24
Ачылыштар
19
Патенттер