Электрондук кабылдама

+996 (312) 39-23-66;

г.Бишкек, просп. Чуй 265а

Электрондук почта
Кыргыз-Кытай Эл аралык илимий борборунун түзүлгөнүнүн 5 жылдыгына арналган Эл аралык симпозиум болуп өттү

25-мартта КР УИАнын академик М. Адышев атындагы Геология институтунда КР УИАнын курамында иштеп жаткан Борбордук Азиянын экологиясын жана айлана-чөйрөсүн изилдөө боюнча Кыргыз-Кытай Эл аралык илимий борборунун түзүлгөнүнүн 5 жылдыгына арналган Эл аралык симпозиум болуп өттү.


Иш-чарага КР УИАнын Президенти, академик Джуматаев Мурат Садырбекович, КРнын Вице-премьер-министри Өмүрбекова Алтынай Сейитбековна, КЭР ИАнын Шиңжандагы бөлүмүнүн Вице-президенти, БАЭАЧИИБнын директору Чен Ши, БАЭАЧИИБнын профессору Аламанов Саламат Кулембекович, КРнын Өкмөтүнө караштуу Архитектура, курулуш жана турак жай агенттигинин статс-катчысы Бөрүбаев Самат Нарматович, Казакстан Республикасынын ИАнын Вице-президенти, БАЭАЧИИБнын     со-директору Сапаров Абдулла Сапарович, Тажикстан Республикасынын ИАнын Вице-президенти, БАЭАЧИИБнын     со-директору Саидов Абдусаттор Сападович жана КР УИАнын жалпы илимий-изилдөө институттарынын директорлору жана илимий кызматкерлери катышышты.

    

Өз сөзүндө КР УИАнын Президенти, академик Джуматаев Мурат Садырбекович бүгүнкү мааракенин катышуучуларын Президиумдун жана жеке өзүнүн атынан куттуктап, келген конокторго ыраазычылыгын билдирди. Жалпыга маалымат иретинде илимий борбордун учурда алып барып жаткан иш-аракеттерине кыскача токтолуп жана маалымат катары аталган борбор 2014-жылы 22-апрелде Кыргыз Республикасынын Улуттук илимдер академиясы жана Кытай Эл Республикасынын Илимдер академиясынын ортосунда Шанхай Кызматташтык Уюмунун алкагындагы эл аралык келишимдин негизинде түзүлгөндүгүн эске салды. Ага кошумчалай: “5 жыл илимий борбор үчүн аз убакыт экендигине карабай, бир топ илимий изилдөөлөрдүн жүргүзүлгөндүгү, анын негизги жыйынтыгы катары Бишкек шаарында орун алган Достук айылына орнотулган суу тазалоочу система курулгандыгы илимий борбордогу кызматкерлердин эмгектенип жаткандыгынан кабар берет” –деп белгилеп өттү.

    

Илимий борбордун түзүлгөнүнүн 5 жылдыгы менен Кыргыз Республикасынын Вице-премьер-министри Өмүрбекова А.С., КЭР Илимдер академиясынын Шиңжандагы бөлүмүнүн Вице-президенти, БАЭАЧИИБнын директору Чен Ши, Казакстан Республикасынын Илимдер академиясынын Вице-президенти Сапаров А.С., Тажикстан Республикасынын Илимдер академиясынын Вице-президенти Саидов А.С. куттуктоо сөздөрүн сүйлөп, мындан аркы илимий кызматташтык алакасы улана берээрин баса белгилешти.

Симпозиумдун катышуучулары мааракеге арналган иш-чарадан соң жогоруда айтылган Достук айылына барып, анда орнотулган суу тазалоочу система менен жеринен таанышып кайтышты.

Эске салсак, Борбордук Азиянын экологиясын жана айлана-чөйрөсүн изилдөө боюнча Кыргыз-Кытай эл-аралык илимий борбору аналитикалык лабораториядан, маалыматтык борбордон жана илимий бөлүмдөн турат. Анда 5 илимий кызматкер, администрациялык бөлүмдө 5 киши, 3 лаборант, инженер жана 1 академик, 2 илимдин доктору, 1 илимдин кандидаты , 3 PhD даражасындагы кызматкерлер эмгектенишет.

 

 

 


Экс-президент Национальной академии наук КР, академик Шарипа Жоробекова: Указ президента КР о мерах по повышению вклада науки в устойчивое развитие страны вышел в феврале, уже должны были разработать «дорожную карту» по оптимизации научной отрасли, но пока особых мер нет.

Президентское решение должно выполняться, Академию наук и подход к науке в стране действительно надо модернизировать и менять, вузовскую науку надо интегрировать с академической и повышать их научную отдачу, главное – провести эти преобразования так, чтобы они принесли пользу не только Академии, но и государству и обществу. Никакое государство не может быть серьёзным без фундаментальной науки, а для этого нужно соответствующее финансирование…

128
Окумуштуулар
24
Ачылыштар
19
Патенттер