Электрондук кабылдама

+996 (312) 39-23-66;

г.Бишкек, просп. Чуй 265а

Электрондук почта
УИАда Саха республикасынын мамлекеттик жыйынынын башчысы Александр Жирков менен жолугушуу өттү

А.Жирков Улуттук илимдер академиясынын Тил жана гуманитардык илимдер бөлүмүнүн төрагасы, академик А.Акматалиев менен маданий-гуманитардык кызматташтыгынын келечеги, чыгармачылык байланыштар жөнүндө пикирин алышты.

Кыргыз Республикасы менен өткөн кылымдардан берки адабият, маданият, искусство жаатында мамилелерге токтолгон конок Ч.Айтматов атындагы Тил жана адабият институтуна якут тилине которулган романдарын, кыргыз жазуучу жана акындардын чыгармаларынан турган жыйнакты белек кылды.

Александр Жирков Ч.Айтматовго арналган бөлмө, кол жазмалар фондундагы эмгектер менен таанышты. Ушул жылы жарыкка чыккан “Айтматов энциклопедиясы” менен таанышып, якут тилине которулган чыгармалар, коюлган спектаклдер да көз жаздымда калбагандыгына ыраазы болду.

КР УИАнын академиги А.Акматалиев Ч.Айтматовдун 4 томдугун, кыргыз адабиятына, искусствосуна арналган китептерди ыроолоду.

Жирков бүгүнкү күнү “Дүйнө элдеринин эпостору” Эл аралык ассоциациясынын вице-президенти болуп эсептелет. Ал Бишкекте жана Чолпон-Атада өткөн “Алтай цивилизациясы жана Алтай тектүү элдер” аттуу эл аралык форумга катышуу үчүн келген. Ал адабий котормочулугу менен да белгилүү.


Экс-президент Национальной академии наук КР, академик Шарипа Жоробекова: Указ президента КР о мерах по повышению вклада науки в устойчивое развитие страны вышел в феврале, уже должны были разработать «дорожную карту» по оптимизации научной отрасли, но пока особых мер нет.

Президентское решение должно выполняться, Академию наук и подход к науке в стране действительно надо модернизировать и менять, вузовскую науку надо интегрировать с академической и повышать их научную отдачу, главное – провести эти преобразования так, чтобы они принесли пользу не только Академии, но и государству и обществу. Никакое государство не может быть серьёзным без фундаментальной науки, а для этого нужно соответствующее финансирование…

128
Окумуштуулар
24
Ачылыштар
19
Патенттер