КЫРГЫЗ РЕСПУБЛИКАСЫНЫН УЛУТТУК ИЛИМДЕР АКАДЕМИЯСЫ
2023-2024-жж. аспирантурага жана докторантурага кабыл алуу улантылат
Арыздарды кабыл алуу 2023-жылдын 31-октябрына чейин жүргүзүлөт.
Аспирантурага кабыл алуу экзамендери 2023-жылдын ноябрь айынан башталат
КР УИАнын аспирантурасына тапшыруу үчүн төмөндөгү документтер талап кылынат:
- Иштеген жерден аспирантурага сунуштоо каты (окуунун отличниктери үчүн Окумуштуу кеңештин же мамлекеттик аттестациялык комиссиянын көрсөтмөсү)
- Кадрлар боюнча өздүк баракча
- Өмүрбаян
- Мүнөздөмө
- Жогорку билим тууралуу адис же магистр диплому (чет элдин жарандары үчүн – билими тууралуу документтердин эквиваленттүүлүгү тууралуу күбөлүк)
- Мед.справка (форма 086)
- Жарыяланган илимий иштердин, ойлоп табуулардын тизмеси (бар болгон учурда), же болбосо аспирантурага тапшыра турган илимий багыт боюнча эркин темадагы реферат
- Сүрөт 4*6 – 2.
- Эмгек китепчесинен көчүрмө (кадр бөлүмү аркылуу тастыкталган)
- Паспорттун көчүрмөсү
- Кандидаттык экзаменди тапшыргандыгы тууралуу күбөлүк (бар болгон учурда)
КР УИАнын докторантурасына тапшыруу үчүн төмөндөгү документтер талап кылынат:
- Илимдин кандидаты илимий даражасын ыйгаруу тууралуу дипломдун көчүрмөсү
- Докторлук изилдөөнүн планы
- Жарыяланган илимий иштердин, ойлоп табуулардын жана патенттердин тизмеси
- Докторантурага сунушталган жактар үчүн ЖОЖдордун кеңешинин отурумунун протоколунан көчүрмө
- Кадрлар боюнча өздүк баракча
- Өмүрбаян
- Резюме
- Иштеген жеринен мүнөздөмө
- Сүрөт 4×6 см – 2.
- Эмгек китепчесинен көчүрмө
- Паспорттун көчүрмөсү
Биздин дарек: Бишкек ш., Чуй пр-ти, 265-а, каб. 227.
Сурап билүү.: 64-62-88.
Илимий кадрларды даярдоо боюнча илимий тармактар жана адистиктер
№ | Илимий тармактар жана адистиктер | Адистиктин шифри |
---|---|---|
1 | Математикалык моделдештирүү, сандык методдор жана программалар комплекстери | 05.13.18 |
2 | Системалык анализ, маалыматты башкаруу жана иштеп чыгуу (тех-лык илимдер) | 05.13.01 |
3 | Механизмдер жана машиналар теориясы | 05.02.18. |
4 | Тоо машиналары | 05.05.06. |
5 | Дифферен. теңдемелер, динамикалык системалар жана оптималдык башкаруу | 01.01.02. |
6 | Геометрия жана топология | 01.01.04. |
7 | Оптика | 01.04.05. |
8 | Конденсациялык абалдын физикасы | 01.04.07. |
9 | Теплофизика жана теоретикалык теплотехника | 01.04.14 |
10 | Кургактыктын гидрологиясы, суу ресурстары жана гидрохимия | 25.00.27 |
11 | Жалпы жана регионалдык геология | 25.00.01. |
12 | Геоэкология | 25.00.36. |
13 | Геомеханика | 25.00.20. |
14 | Геотехнология (жер алдындагы, ачык) | 25.00.22. |
15 | Жалпы жана регионалдык геология (сейсмотектоника) | 25.00.01. |
16 | Биотехнология | 03.01.06 |
17 | Биохимия | 03.01.04 |
18 | Биология, ботаника | 03.02.01 (03.00.05) |
19 | Органикалык эмес химия | 02.00.01. |
20 | Органикалык химия | 02.00.03. |
21 | Физикалык химия | 02.00.04 |
22 | Ботаника | 03.02.01 |
23 | Формацевтикалык ишти уюштуруу | 14.04.03 |
24 | Физиология | 03.03.01. |
25 | Патологиялык физиология | 14.03.03 |
26 | Калыбына келтирүү медицина, спорттук медицина, дарылоочу дене тарбия, курортология жана физиотерапия | 14.03.11 |
27 | Экология | 03.02.08 |
28 | Зоология | 03.02.04. |
29 | Ботаника | 03.02.01. |
30 | Ата Мекендин тарыхы | 07.00.02 |
31 | Археология | 07.00.06 |
32 | Этнография, этнология жана антропология | 07.00.07. |
33 | Фольклористика | 10.01.09 |
34 | Кыргыз адабияты | 10.01.01 |
35 | Журналистика | 10.01.10 |
36 | Кыргыз тили | 10.02.01 |
37 | Түрк тилдери | 10.02.06 |
38 | Тилдин теориясы | 10.02.09 |
39 | Тилдеги салыштырма-типологиялык анализ | 10.02.20 |
40 | ||
41 | ||
42 | Социалдык философия | 09.00.11. |
43 | Онтология жана таануу теориясы | 09.00.01. |
44 | Философия тарыхы | 09.00.03. |
45 | Культурология | 24.00.00. |
46 | Политология | 23.00.00. |
47 | Конституциялык укук | 12.00.02. |
48 | Жарандык укук | 12.00.03. |
49 | Кылмыш-жаза укугу | 12.00.08. |
50 | Искусство таануу | 17.00.00 |
51 | Социалдык структура, социалдык институттар жана процесстер | 22.00.04 |
52 | Органикалык химия жана органикалык эмес заттардын технологиясы | 02.00.03, 05.17.01 |
53 | Конденсациялык абалдын физикасы | 01.04.07 |
54 | Экономика жана эл чарбасын башкаруу | 08.00.05 |
55 | Ата Мекендин тарыхы | 07.00.02 |
56 | Мамлекеттин тарыхынын жана укугунун теориясы | 12.00.01 |
57 | Политикалык институттар, процесстер жана технологиялар | 23.00.02 |
58 | Экология | 03.02.08. |
59 | Жарым өткөргүчтөрдун физикасы | 01.04.10 |
- Подробности
- Автор: admin
- Просмотров : 7330