Электрондук кабылдама

+996 (312) 39-23-66;

г.Бишкек, просп. Чуй 265а

Электрондук почта
КР УИАнын президенти, академик Мурат Садырбекович Джуматаев “Акнет” компаниясынын директору Нурбек Абасканов менен жолукту

2019-жылдын 2-сентябрында КР УИАнын президенти, академик Мурат Садырбекович Джуматаев “Акнет” компаниясынын директору Нурбек Абасканов менен жолукту.
Жолугушуунун жүрүшүндө “Акнет” компаниясынын директору Нурбек Абасканов Улуттук илимдер академиясына жардам катары 500 000 ( беш жүз миң) сомдук сертификат тапшырды.
КР УИАнын президенти, академик М.С. Джуматаев “Акнет” компаниясы менен мындан ары дагы биргелешип иштешүүгө, алдыга коюлган максаттарды чогуу аткарууга ишенээрин, компания тарабынан берилген каражат илимдер академиясынын чоң жыйындар залын оңдоого жумшалаарын айтып, ыраазычылыгын билдирди.
Ал эми “Акнет” компаниясынын директору Н. Абасканов “Акнет” башында академиялык тармак катары пайда болгонун, ошондон улам Улуттук илимдер академиясы менен болгон кызматташуу компаниянын багыттарынын бири экенин, бул жардам илимдер академиясы үчүн биринчи жана акыркылардан эмес экенин белгилеп кетти. Ошондой эле КР УИАнын президенти М.С. Джуматаевге жана академиянын жетекчилигине ыраазычылыгын билдирип, алардын илимдер академиясынын системасындагы санариптештирүүгө чон салымын кошуп жаткандыгын белгилеп, алдыда дагы санариптештирүү боюнча биргелешкен көптөгөн пландар бар экенин белгилей кетти.


Экс-президент Национальной академии наук КР, академик Шарипа Жоробекова: Указ президента КР о мерах по повышению вклада науки в устойчивое развитие страны вышел в феврале, уже должны были разработать «дорожную карту» по оптимизации научной отрасли, но пока особых мер нет.

Президентское решение должно выполняться, Академию наук и подход к науке в стране действительно надо модернизировать и менять, вузовскую науку надо интегрировать с академической и повышать их научную отдачу, главное – провести эти преобразования так, чтобы они принесли пользу не только Академии, но и государству и обществу. Никакое государство не может быть серьёзным без фундаментальной науки, а для этого нужно соответствующее финансирование…

128
Окумуштуулар
24
Ачылыштар
19
Патенттер