Электрондук кабылдама

+996 (312) 39-23-66;

г.Бишкек, просп. Чуй 265а

Электрондук почта
КР Улуттук илимдер академиясынын жана КЭРнын Түндүк-Батыш Политехникалык Университетинин ортосундагы Меморандумга кол коюлду

2019-жылдын 16-сентябрында Кыргыз Республикасынын Улуттук илимдер академиясынын президенти, академик Мурат Садырбекович Джуматаев КЭРнын Түндүк-Батыш Политехникалык Университетинин вице-президенти Хе Гуо Чиаң, Эл аралык байланыштар бөлүмүнүн башчысы  Сиаң Дан, Маданият жана Мурас институтунун деканынын орун басары Яң Жун Чаң, Маданият жана Мурас институтунун доктору Ду Жиң Нан жана  Эл аралык байланыштар бөлүмүнүн кызматкери Жаң Йиң Юди   кабыл алды.
Жолугушуунун жүрүшүндө маданий мурасты изилдөө тармагындагы илимий кызматташтык жана илимий кадрларды даярдоо боюнча талкуланды.

Вице-президент Хе Гуо Чиаң Кыргыз Республикасына биринчи жолу келгенин жана Улуттук илимдер академиясы менен  Меморандумга кол коюп жатканын, Меморандум түзүү илим жана билим тармагында мындан аркы да кызматташууга чоң мүмкүнчүлүктөрдү  түзөрүн билдирди. Ошондой эле, ал өздөрүнүн университетинде IT-технология тармагына өзгөчө көнүл буруларын жана илимий лабораторияларды түзүү аркылуу кызматташууга даяр экендигин баса белгиледи.

Андан кийин жактар  КЭРнын Түндүк-Батыш Политехникалык Университетинин жана Кыргыз Республикасынын Улуттук илимдер академиясынын ортосундагы өз ара түшүнүшүү жөнүндө Меморандумга кол коюшту.

Меморандумга кол коюунун негизги максаты кызматташтыкты өнүктүрө турган аянтчаны түзүү жана кол коюлган документтин алкагында эки тараптуу илимий байланыштарды бекемдөө болуп саналат.



Экс-президент Национальной академии наук КР, академик Шарипа Жоробекова: Указ президента КР о мерах по повышению вклада науки в устойчивое развитие страны вышел в феврале, уже должны были разработать «дорожную карту» по оптимизации научной отрасли, но пока особых мер нет.

Президентское решение должно выполняться, Академию наук и подход к науке в стране действительно надо модернизировать и менять, вузовскую науку надо интегрировать с академической и повышать их научную отдачу, главное – провести эти преобразования так, чтобы они принесли пользу не только Академии, но и государству и обществу. Никакое государство не может быть серьёзным без фундаментальной науки, а для этого нужно соответствующее финансирование…

128
Окумуштуулар
24
Ачылыштар
19
Патенттер