Электрондук кабылдама

+996 (312) 39-23-66;

г.Бишкек, просп. Чуй 265а

Электрондук почта
“Эл адабияты” сериясынын 40 томдугу жарык көрдү

5-мартта КР УИАнын Чыңгыз Айтматов атындагы Тил жана адабият институту тарабынан уюштурулган Мамлекеттик тилди өнүктүрүү боюнча жарык көргөн “Эл адабияты” сериясынын 40 томдугунун жана “Классикалык изилдөөлөр” сериясынын (Фольклор таануу) 2 томдугунун бетачары өттү.


Иш-чаранын жүрүшүндө Чыңгыз Айтматов атындагы Тил жана адабият институту тарабынан даярдалып, академик Абдылдажан Акматалиевдин жалпы редакциясынын астында жарык көргөн “Эл адабияты” сериясынын 40 томдугу боюнча китеп көргөзмөсү уюштурулду. Ошондой эле Кол жазмалар фондунда сакталган кол жазмаларынын түп нускалары (араб, латын арибинде) боюнча кыскача маалымат берилди.

           

Иш-чарага КР Президентинин Аппаратынан, КР Жогорку Кеңешинен, КР Өкмөтүнүн Аппаратынан, Министрликтерден, Жазуучулар Союзунун өкүлдөрү, окумуштуулар, адабиятчылар, манастаануучулар жана чыгармачыл инсандар катышышты.

           

 

Жарык көргөн китептердин тизмеси:

«Классикалык изилдөөлөр» сериясынан «Фольклористика» боюнча 2 том: “Манас”эпосуна байланыштуу эмгектер, фольклордун проблемаларына арналган материалдар, акындар чыгармачылыгына байланыштуу изилдөөлөр, профессионалдык адабиятка тийиштүү изилдөөлөр камтылган.

 

“Эл адабияты” сериясы боюнча:

1-т      Кожожаш (3 вариант);

2-т      Эр Төштүк (4 вариант);

3-т      Эр Табылды (2 вариант);

4-т      Жаныш, Байыш (4 вариант);

5-т      Курманбек (3 вариант);

6-т      Олжобай менен Кишимжан (2 вариант);

7-т      Жоодарбешим(3 вариант);

8-т      Саринжи, Бөкөй, Кыз Сайкал (Саринжи Бөкөй 2 вариант, Кыз Сайкал 1 вариант);

9-т      Жаңыл мырза (2 вариант);

10-т    Мендирман, Сейитбек (Мендирман 2 вариант, Сейитбек 2 вариант);

11-т    Кедейкан, Шырдакбек, Тайлак баатыр, Эмгек ырлары (Кедейкан 1 вариант, Шырдакбек 2 вариант);

12-т    Көкүл, Карач-Көкүл, Арман ырлары;

13-т    Эр Эшим, Макал-лакаптар;

14-т    Эр Солтоной, Жаманкара (Эр Солтоной 1 вариант, Жаманкара 1 вариант);

15-т    Элдикпоэмалар (Кулмурза менен Аксаткын 5 вариант, Акмактым 2 вариант, Карагул ботом 3 вариант, Жалайыр жалгыз 3 вариант, Акбермет, Качкан кыз 3 вариант, Гүлгаакы 5 вариант);

16-т    Кыргыз эл кошоктору;

17-т    Тарыхыйырлар;

18-т    Ак Мөөр, АлпТобок, Балбай;

19-т    Санат, насаат ырлары;

20-т    Каада-салт, ырым-жырым;

21-т    Кереметтүү жомоктор;

22-т    Балдар фольклору;

23-т    Байтикбаатыр баяны. Табышмактар, жаңылмачтар,калптар

24-т    Жомоктор (жаныбарлар тууралуу);

25-т    Сүйүү ырлары;

26-т    Турмуштукжомоктор;

27-т    Учкулсөздөр, чеченсөздөр, тамсилдер, мыскылдар;

28-т    Миф, уламыш, аңыз, санжыра;

29-т    Элдик юндар, дин ырлары, күү ырлары, күү баяндары;

30-т    Чет элдик кыргыз адабияты;

31-т    Куудулдар;

32-т    Бостон, Эшимкул менен Зуура;

33-т    Баатырдык жомоктор;

34-т    Чүй облусунан чогултулган фольклордук материалдар;

35-т    Ысык-Көл облусунан чогултулган фольклордук материалдар;

36-т    Талас облусунан чогултулган фольклордук материалдар;

37-т    Баткен облусунан чогултулган фольклордук материалдар;

38-т    Ош облусунан чогултулган фольклордук материалдар;

39-т    Нарын облусунан чогултулган фольклордук материалдар;

40-т    Жалал-Абад облусунан чогултулган фольклордук материалдар.


Экс-президент Национальной академии наук КР, академик Шарипа Жоробекова: Указ президента КР о мерах по повышению вклада науки в устойчивое развитие страны вышел в феврале, уже должны были разработать «дорожную карту» по оптимизации научной отрасли, но пока особых мер нет.

Президентское решение должно выполняться, Академию наук и подход к науке в стране действительно надо модернизировать и менять, вузовскую науку надо интегрировать с академической и повышать их научную отдачу, главное – провести эти преобразования так, чтобы они принесли пользу не только Академии, но и государству и обществу. Никакое государство не может быть серьёзным без фундаментальной науки, а для этого нужно соответствующее финансирование…

128
Окумуштуулар
24
Ачылыштар
19
Патенттер