Электрондук кабылдама

+996 (312) 39-23-66;

г.Бишкек, просп. Чуй 265а

Электрондук почта
Чыӊгыз Айтматовдун китептеринин бет ачар аземи өттү

2019-жылдын 27-сентябрында Кыргыз Республикасынын  Улуттук илимдер академиясынын Ч.Айтматов атындагы Тил жана адабият институту, “Ыйык Ата Журт” коомдук фонду, “Оку” басма үйү тарабынан кыргыз элинин сыймыктуу уулу, дүйнөлүк масштабдагы залкар жазуучу, даанышман-ойчул, гуманист Чыӊгыз Айтматовдун китептеринин бет ачар аземи өттү.

Жазуучунун “Кылым карытар бир күн”, “И дольше века длиться день”, “Ак кеме” чыгармалары басылган бул китептер Эл аралык Айтматов коомдук фондунун колдоосу менен жарык көрдү.

Бет ачарга Кыргыз Улуттук илимдер академиясынын президенти, академик Мурат Садырбекович Джуматаев, КР Президентинин Аппаратынан Санжарбек Камбарович Тажиматов, профессор Роза Төрөкуловна Айтматова жана илимпоз-окумуштуулар, ЖОЖдордун окутуучулары, коомдук ишмерлер, аспиранттар, изденүүчүлөр катышты.

Ошондой эле бул иш-чарада “ОКУ!” долбоорунун алкагында уюштурулуп жаткан “Канткенде адам уулу адам болот!” деген ураан менен Ч.Айтматовдун чыгармалары боюнча китеп окуу конкурсу тууралуу жана конкурстун байге фонду 300 000 сом экени айтылды. Бул долбоор Кыргызстанда экинчи жолу (биринчи жолу “Манас” эпосу боюнча “Оку!” долбоору 2018-жылы уюштурулган) ишке ашырылып жатат.


Экс-президент Национальной академии наук КР, академик Шарипа Жоробекова: Указ президента КР о мерах по повышению вклада науки в устойчивое развитие страны вышел в феврале, уже должны были разработать «дорожную карту» по оптимизации научной отрасли, но пока особых мер нет.

Президентское решение должно выполняться, Академию наук и подход к науке в стране действительно надо модернизировать и менять, вузовскую науку надо интегрировать с академической и повышать их научную отдачу, главное – провести эти преобразования так, чтобы они принесли пользу не только Академии, но и государству и обществу. Никакое государство не может быть серьёзным без фундаментальной науки, а для этого нужно соответствующее финансирование…

128
Окумуштуулар
24
Ачылыштар
19
Патенттер