Электрондук кабылдама

+996 (312) 39-23-66;

г.Бишкек, просп. Чуй 265а

Электрондук почта
Эл аралык илимдер академияларынын ассоциациясынын Кеңешинин 32-жыйыны өттү

2019-жылдын 19-20-сентябрында Душанбе шаарында Тажикстан Республикасынын Илимдер академиясынын базасында КР УИАсы мүчө болгон  Эл аралык илимдер академияларынын ассоциациясынын (ЭИАА)  Кеңешинин 32-жыйыны өттү.

ЭИААнын 32-жыйынынын негизги максаты бул – илимий ишкердиктин азыркы талаптарга ылайык сапатын жогорулатуу; ЭИААнын катышуучу-мамлекеттеринин инновациялык потенциалын бекемдөө; илимий кызматкерлердин статусун көтөрүү жана жаш окумуштуулардын социалдык коопсуздугунун өсүшүн камсыз кылуу; ЭИААнын эл аралык аброюн көтөрүү жана географиялык кызматташууну кеңейтүү.

Жыйынга КР УИАнын президенти, академик Мурат Садырбекович Джуматаев, КР УИАнын Каржы жана экономикалык суроолор боюнча жетекчилигинин башчысы Малабек Анашович Токтоболотов жана КР УИАнын жаш окумуштуулар кеңешинин төрагасы Жайлоо Кыдырович Мамытбеков катышты.

Иш-чаранын жүрүшүндө 2030-жылга чейин ЭИААны өнүктүрүү боюнча Декларация бекитилди.

Ошондой эле жыйында Монголия илимдер академиясы ЭИААнын толук укуктуу мүчөсү болуп кабыл алынды. Ал эми Кытай Эл Республикасынын Илимдер академиясынын Хэйлунцзян, Шаньдун жана Гуандун провинциялары талапкер мүчө катары кабыл алынды.

Жыйындын катышуучулары Тажикстан Илимдер академиясынын илимий институттарын көрүп, “Жаш окумуштуулардын илимди, инновацияны жана технологияны өнүктүрүүдөгү ролу” деген Эл аралык илимий конференцияга катышышты.

 


Экс-президент Национальной академии наук КР, академик Шарипа Жоробекова: Указ президента КР о мерах по повышению вклада науки в устойчивое развитие страны вышел в феврале, уже должны были разработать «дорожную карту» по оптимизации научной отрасли, но пока особых мер нет.

Президентское решение должно выполняться, Академию наук и подход к науке в стране действительно надо модернизировать и менять, вузовскую науку надо интегрировать с академической и повышать их научную отдачу, главное – провести эти преобразования так, чтобы они принесли пользу не только Академии, но и государству и обществу. Никакое государство не может быть серьёзным без фундаментальной науки, а для этого нужно соответствующее финансирование…

128
Окумуштуулар
24
Ачылыштар
19
Патенттер