Электрондук кабылдама

+996 (312) 39-23-66;

г.Бишкек, просп. Чуй 265а

Электрондук почта
Байтик Канай уулунун 200 жылдыгына арналган илимий-тажрыйбалык конференция өттү

2019-жылдын 15-октябрында Кыргыз Республикасынын Улуттук илимдер академиясында белгилүү тарыхый ишмер Байтик Канай уулунун 200 жылдыгына арналган “Байтик баатыр Канай уулу: жашаган доору, ишмердүүлүгү, тарыхта ээлеген орду” аттуу  илимий-тажрыйбалык конференция  өттү.

Иш-чара  КР УИАнын Б.Жамгерчинов атындагы Тарых, этнология жана археология институту, КР Президентинин Аппаратына караштуу Кыргызстан элдеринин тарыхый жана маданий мурастарынын “Мурас” фонду жана КРнын Өкмөтүнүн Чүй облусундагы ыйгарым укуктуу өкүлчүлүгү тарабынан уюштурулду.

Конференцияда КР УИАнын президенти, академик М.С. Джуматаев, КР Президентинин Аппаратынын жетекчисинин биринчи орун басары А.М. Кененбаев, КР Жогорку Кенешинин төрагасынын орун басары М.И. Бакиров, КРнын Өкмөтүнүн Аппаратынын билим берүү, маданият жана спорт бөлүмүнүн башчысы Ж.У. Саралаева, КР Өкмөтүнүн Чүй облусундагы ыйгарым укуктуу өкүлү А.А. Намазалиев, Россия Федерациясынын Кыргыз Республикасындагы элчиси Н.Н. Удовченко, КР Президентинин Аппаратына караштуу Кыргызстан элдеринин тарыхый жана маданий мурастарынын “Мурас” фондунун башчысы К.С. Молдокасымов катышып, куттуктоо сөздөрүн сүйлөштү, ошондой эле иш-чарага коомдук жана мамлекеттик уюмдардын өкүлдөрү, илимпоздор жана маданият ишмерлери катышышты.

КР Президентинин Аппаратынын жетекчисинин биринчи орун басары А.М. Кененбаев өз сөзүндө “Байтик баатыр XIX  кылымдын аягындагы атактуу инсандардын бири. Белгилүү тарыхый ишмерибиз өз алдынча жана бирдиктүү мамлекетти түптөөгө көптөгөн аракеттерди жасаган. Байтик баатырдын ишмердиги, өрнөктүү өмүр таржымалы кыргыздын кылым карыткан тарых барактарында өзгөчө орунду ээлери талашсыз” – деп айтта кетти.

КР Жогорку Кенешинин төрагасынын орун басары М.И. Бакиров:

“Кыргыз эли кылымдарды карыткан, эч ким аны өчүрө албайт тарыхтан” демекчи, эки кылым мурда кыргыз элинин, кыргыз мамлекеттүүлүгүнүн келечегине эбегейсиз зор салымын кошкон Байтик баатырдын басып өткөн жолун тарыхчылар менен бирге эскерип отурабыз. Байтик баатыр даанышмандыгы, көрөгөчтүгү менен  кыргыздын келечегине чыйыр жол салып кеткенин эч ким тарыхтан өчүрө албайт” – деп кошумчалады өз сөзүндө.

КР УИАнын президенти, академик М.С. Джуматаев: “Байтик Канай уулунун 200 жылдыгына арналган алгачкы иш-чара Улуттук илимдер академиясында өтүп жаткандыгы биз үчүн абдан маанилүү. Кыргыз мамлекеттүүлүгүнө Байтик баатырдын кошкон салымы өтө чоң. Байтик баатыр элди уюштурган, жетектеген саясий лидер болгон. Ал бардык маселелерди туура чече алган, көрөгөч, даанышман инсан болгон” – деп белгиледи.

Ошондой эле илимий-тажрыйбалык конференцияда Байтик баатырдын өмүрү жана ишмердиги, орус админстрациясы менен болгон мамилелери, кыргыз тарых наамасында изилдениши жана баатырдын портретинин эл оозунда чагылдырылышы тууралуу баяндамалар окулуп, талкууланды.


Экс-президент Национальной академии наук КР, академик Шарипа Жоробекова: Указ президента КР о мерах по повышению вклада науки в устойчивое развитие страны вышел в феврале, уже должны были разработать «дорожную карту» по оптимизации научной отрасли, но пока особых мер нет.

Президентское решение должно выполняться, Академию наук и подход к науке в стране действительно надо модернизировать и менять, вузовскую науку надо интегрировать с академической и повышать их научную отдачу, главное – провести эти преобразования так, чтобы они принесли пользу не только Академии, но и государству и обществу. Никакое государство не может быть серьёзным без фундаментальной науки, а для этого нужно соответствующее финансирование…

128
Окумуштуулар
24
Ачылыштар
19
Патенттер