Электрондук кабылдама

+996 (312) 39-23-66;

г.Бишкек, просп. Чуй 265а

Электрондук почта
Илим күнүнө арналган салтанаттуу жыйын өттү

2019-жылдын 12-ноябрында Кыргыз Республикасынын Улуттук илимдер академиясында Кыргыз Республикасынын илим күнүнө арналган салтанаттуу жыйын болду. Майрамдык иш-чаранын алдында КР УИАнын илимий-изилдөө институттарынын илимий жетишкендиктеринин көргөзмөсү уюштурулду.

Салтанаттуу жыйынга КР УИАнын президенти, академик М.С. Джуматаев, КР Президентинин кеңешчиси Султан Акимович Раев, Вице-премьер министр Алтынай Сайтбековна Өмүрбекова, Кырыз Республикасынын Билим берүү жана  илим министри Каныбек Абдуваситович Исаков, академиктер жана Улуттук илимдер академиясынын көрүнуктүү окумуштуулары катышты.

КР УИАнын президенти академик М.С. Жуматаев салтанаттуу жыйындын катышуучуларын КР УИАнын Президиумунун атынан куттуктап, өлкөнүн экономикасын, региондун өнүгүүсү, социалдык-медициналык изилдөөлөр  билим берүүнүн сапаты сыяктуу маселелердин  бардыгы илим менен тыгыз байланышкан деп белгиледи. КР УИАнын президенти алыскы жана жакынкы чет өлкөлөр менен өзгөчө Кытай, Германия, Өзбекстан, Казакстан, Таджикистан менен кызматташуу жигердүү жүргүзүлүп жатканын белгиледи. Кыргыз Республикасынын Президентинин кеңешчиси С. Раев КРнын Президенти С.Ш. Жээнбековдун куттуктоо катын окуду: “Урматтуу илимпоздор жана илимдин ишмерлери! Сиздерди кесиптик майрамыңыздар менен куттуктайм. Өлкөнүн туруктуу жана коопсуз өнүгүүсү үчүн, глобалдуу дүйнөдөгү атандаштыкка жетишүүсү үчүн илимдин ролу зор. Экономиканы, технологиялык модернизациялоону, социалдык тармакты илимди өнүктүрүү жана санариптештүүрү жолу менен жүзөгө ашырууну максат кылып коюп жатабыз ошол үчүн биз окумуштуулардын мартабасын көтөрүүгө жана баардык жагынан колдоого аракет кылып жатабыз. Сиздерге чын ден соолук, жаңы чыгармачылык жетишкендиктерди каалайм!”

Вице-премьер министр А. Өмүрбекова өз сөзүндө илимий-техникалык тема актуалдуу болуу менен тынымсыз изилдөөнү талап кылат деди. Ошондой эле ал илимий-техникалык тармак өлкөнүн экономикасынын өнүгүүсүнө оң таасирин тийгизип, анын натыйжасында жаңы жумушчу орундары пайда болуп инфраструктура жакшыртылууда. Ошондой эле вице-премьер министр азыркы учурдагы Кыргызстандагы илимдин абалы, ага түзүлгөн шарттарды кардиналдуу өзгөртүүнү талап кылууда деп билидирди.

Илимге кошкон салымы үчүн Математика институтунун окумуштуу катчысы, ф.м.и.д. М. Асанкуловага, Э.Гареев атындагы Ботаникалык бактын башкы окумуштуу катчысы, б.и.к. Л.М. Андрейченкого Өкмөттүн Ардак грамоталары тапшырылды.

Билим берүү жана илим министри К.А. Исаков илимдер академиясынын маанилүүлүгүн белгилөө менен окумуштууларга илимге кошуп жаткан салымы үчүн ыраазычылыгын билдирди. Илимге жана билим берүүгө кошкон салымы үчүн КР УИАнын Геомеханика жана кендерди өздөштүрүү институтунун “Кендерди иштетүү” лабораториясынын башчысы т.и.к. Д. Тажибаев Билим берүү жана илим министрлигинин Ардак грамотасы менен  сыйланды.

Салтанаттуу жыйында көп жылдык сиңирген ак эмгеги үчүн КР УИАнын Суу проблемалары жана гидроэнергетика институтунун жетектөөчү илимий кызматкери Т. Тузова, Биотехнология институтунун лаборатория башчысы б.и.д. Ю. Быковченко, А.А. Алтмышбаев атындагы Философия, укук жана социалдык-саясий изилдөөлөр институтунун улук илимий кызматкери А. Жусупбеков, КР УИАнын Түштүк бөлүмүнүн Жалал-Абад илимий борборунун башкы илимий кызматкери А. Досбаевге “КР УИАнын эмгек сиңирген кызматкери” деген наамга ээ болушту.

КР Президентинин алдындагы мамлекеттик тил боюнча улуттук комиссиянын “Кыргыз тили” төш белгиси менен мамлекеттик тилди өнүктүрүүгө кошкон салымы үчүн Ж.Жеенбав атындагы Физика институтунун Криссталдык физика лабораториясынын башчысы, мүчө-корреспондент М.М. Кидибаев, А.А. Алтмышбаев атындагы Философия, укук жана социалдык-саясий изилдөөлөр институтунун “Экспертиза жана мамлекеттик башкарууну социалдык-саясий изилдөөлөр” бөлүмүнүн башчысы, мүчө-корреспондент  Ч.И. Арабаев,  Ж.Жеенбав атындагы Физика институтунун башкы илимий кызматкери, мүчө-корреспондент  Р.О. Оморовдор сыйланышты.

Салтанаттуу иш-чаранын жүрүшүндө КР УИАнын жаш окумуштуулары арасында уюштурулган илимий макалаларга жарыяланган конкурстун жыйынтыгы чыгарылып, сыйлыктар тапшырылды.

 


Экс-президент Национальной академии наук КР, академик Шарипа Жоробекова: Указ президента КР о мерах по повышению вклада науки в устойчивое развитие страны вышел в феврале, уже должны были разработать «дорожную карту» по оптимизации научной отрасли, но пока особых мер нет.

Президентское решение должно выполняться, Академию наук и подход к науке в стране действительно надо модернизировать и менять, вузовскую науку надо интегрировать с академической и повышать их научную отдачу, главное – провести эти преобразования так, чтобы они принесли пользу не только Академии, но и государству и обществу. Никакое государство не может быть серьёзным без фундаментальной науки, а для этого нужно соответствующее финансирование…

128
Окумуштуулар
24
Ачылыштар
19
Патенттер