Электрондук кабылдама

+996 (312) 39-23-66;

г.Бишкек, просп. Чуй 265а

Электрондук почта
КР УИАда “Кыргыз адабияты: кечээ, бүгүн жана келечеги” аттуу илимий жыйын өттү

2019-жылдын 27-ноябрында КР УИАда Кыргыз Республикасынын Улуттук жазуучулар союзунун 85 жылдыгына  арналган, КР УИАнын Ч.Айтматов атындагы Тил жана адабият институту тарабынан уюштурулган “Кыргыз адабияты: кечээ, бүгүн жана келечеги” аттуу илимий жыйын өттү.

Жыйынга КР УИАнын Ч.Айтматов атындагы Тил жана адабият институтунун директору А.А. Акматалиев, Кыргыз Улуттук жазуучулар союзунун төрагасы, акын Н. Калыбеков, Кыргыз-Түрк Манас университетинин Гуманитардык факультетинин деканы, ф.и.д., профессор Л.Үкүбаева, Э.Кылычев, М.Абакиров, А.Исмаилов жана башка акын-жазуучулар, адис-окумуштуулар, жаш изилдөөчүлөр катышып, өз пикирлерин айтышты. Жыйынды белгилүү адабиятчы Р. Эшматов алып барды.

Кыргыз Республикасынын Улуттук жазуучулар союзу — Кыргызстандын профессионал калемгерлеринин чыгармачыл уюму. 1927-жылы Кыргыз борбордук педтехникумунда уюшулган чыгармачыл жаштардын «Кызыл учкун» адабий ийриминин негизинде 1930-жылы Пролетар жазуучуларынын кыргыз ассоциациясы катары түзүлүп, 1933-жылы Кыргызстан Кеңеш жазуучулар союзу, 1934-жылы Кыргызстан жазуучулар союзу деген аталыш менен кайра уюштурулган. Буга ВКП(б) БКнын 1932-жылы «Адабий-көркөм уюмдарды кайра уюштуруу жөнүндөгү» токтому себеп болгон.

2005-жылы Кыргыз Республикасынын Улуттук жазуучулар союзу түзүлүп, көркөмдүк деңгээли жогору, элдик философияга ишенимдүү негизделген, нускалык идеяларды камтыган, чыныгы тарыхый жана нукура эстетикалык асыл сапаттардан тайбаган чыгармаларды жаратууга өбөлгө түзүү, улуттук сөз өнөрүн өркүндөтүүгө өзгөчө көңүл буруу, башка адабияттардын нарктуу баалуулуктарын элге жеткирүү ж. б. максаттары бар. Союзда поэзия, проза, драматургия, сын жана адабияттаануу, балдар адабияты, көркөм котормо, орус тилинде жазгандардын ж. б. секциялары бар. Ош, Жалал-Абад, Баткен, Талас, Ысык-Көл, Нарын областтарында бөлүмдөр иштейт. СССР адабий фондусунун кыргыз бөлүмү, көркөм адабиятты жайылтуу бюросу, «Арашан» чыгармачыл үйү союзга караштуу болгон. Убагында «Ала-Тоо», «Литературный Киргизстан» адабий-көркөм, коомдук-саясий журналдары, «Кыргызстан маданияты» гезити чыгып турган. Азыр союздун органы болгон «Кыргыз адабияты», жазуучулар менен маданият ишмерлеринин «Жаңы Ала-Тоо» журналы, «Адабий Ала-Тоо» гезити чыгат. Союздун 1-съезди 1934-жылы, 13-съезди 2004-жылы өткөн.

Бүгүнкү күндө КР УИАнын Ч.Айтматов атындагы Тил жана адабият институту тарабынан «Кыргыз адабиятынын тарыхынын» 10 томдугу, «Окурмандар китеп текчесинин» 40 томдугу жарык көрүп, бүгүнкү күндө дагы 10 тому даярдалып жатат.


Экс-президент Национальной академии наук КР, академик Шарипа Жоробекова: Указ президента КР о мерах по повышению вклада науки в устойчивое развитие страны вышел в феврале, уже должны были разработать «дорожную карту» по оптимизации научной отрасли, но пока особых мер нет.

Президентское решение должно выполняться, Академию наук и подход к науке в стране действительно надо модернизировать и менять, вузовскую науку надо интегрировать с академической и повышать их научную отдачу, главное – провести эти преобразования так, чтобы они принесли пользу не только Академии, но и государству и обществу. Никакое государство не может быть серьёзным без фундаментальной науки, а для этого нужно соответствующее финансирование…

128
Окумуштуулар
24
Ачылыштар
19
Патенттер