Электрондук кабылдама

+996 (312) 39-23-66;

г.Бишкек, просп. Чуй 265а

Электрондук почта
“Айтматов жөнүндө сөз: улуу инсан жана коомдук ишмер” деген эскерүү кече өттү

2019-жылдын 12-декабрында Кыргыз Республикасынын Улуттук илимдер академиясында  Чыңгыз Айтматовдун туулган күнүнө карата “Айтматов жөнүндө сөз: улуу инсан жана коомдук ишмер” деген аталыштагы эскерүү кечеси өттү.

Эскерүү кече Ч.Айтматов атындагы Тил жана адабият институтунун директору, академик А.А. Акматалиевдин демилгеси жана жетекчилиги менен уюштурулган.

Иш-чарага КР УИАнын президенти, академик М.С. Джуматаев,  КР Президентинин кеңешчиси С.А. Раев, КР Жогорку Кеңешинин, КР маданият, маалымат жана туризм министрлигинин өкүлдөрү, мамлекеттик жана коомдук ишмерлер, академиктер, жалпы эле чыгармачылыгына таазим кылган замандаштары катышып, Улуу инсан  жана коомдук ишмер Чыңгыз Айтматов тууралуу эскерип, ой-бөлүшүштү.

Таланттуу жазуучу, улуу ойчул, гуманист, мамлекеттик жана коомдук ишмер Чыңгыз Айтматов Кыргызстан менен бүткүл дүйнөнүн ортосуна руханий көпүрө түзгөн Инсан. Бул адам күчтүү руханий байлыгы жана туруктуу чыгармачылык изденүүсү менен тапкан табылгаларын бизге, коомго, окурмандарга берди. Айтматов гениалдуу улуу талант катары дүйнөлүк маданиятты өзүнүн жан дүйнөсүнүн түпкүрүндө трансформациялап, чыныгы таза интеллекти менен дүйнөнүн интеллектуалдык элитасынын өкүлү катары, көптөгөн абройлуу эл аралык коомдук уюмдар менен тыгыз иштешип, айрым учурларда жетекчилик милдетти да аркалап келген.

 


Экс-президент Национальной академии наук КР, академик Шарипа Жоробекова: Указ президента КР о мерах по повышению вклада науки в устойчивое развитие страны вышел в феврале, уже должны были разработать «дорожную карту» по оптимизации научной отрасли, но пока особых мер нет.

Президентское решение должно выполняться, Академию наук и подход к науке в стране действительно надо модернизировать и менять, вузовскую науку надо интегрировать с академической и повышать их научную отдачу, главное – провести эти преобразования так, чтобы они принесли пользу не только Академии, но и государству и обществу. Никакое государство не может быть серьёзным без фундаментальной науки, а для этого нужно соответствующее финансирование…

128
Окумуштуулар
24
Ачылыштар
19
Патенттер