Электрондук кабылдама

+996 (312) 39-23-66;

г.Бишкек, просп. Чуй 265а

Электрондук почта
Коомдук илимдер бөлүмүнүн 2019-жылга карата илимий-изилдөөчүлүк жана илимий-уюштуруучулук ишмердүүлүгү боюнча жылдык отчету

2020-жылдын 15-январында КР УИАнын Коомдук илимдер бөлүмүнүн 2019-жылга карата илимий-изилдөөчүлүк жана илимий-уюштуруучулук ишмердүүлүгү боюнча жылдык отчету өттү. Жылдык отчетко КР УИАнын президенти М.С. Джуматаев, КР УИАнын академиктери, корреспондент-мүчөлөрү жана бөлүмдүн кызматкерлери катышты.

Жылдык отчеттун жүрүшүндө Коомдук  илимдер бөлүмүнүн төрагасы, академик А.А. Акматалиев “2019-жылдагы Бөлүмдүн негизги илимий жана илимий-уюштуруучулук ишмердүүлүгүнүн негизги көрсөткүчтөрү тууралуу”,  төраганын орун басары, академик А.Ч. Какеев “2019-жылдагы Бөлүмдүн мүчөлөрүнүн ишмердүүлүгү” тууралуу  билдирүү жасашты.

Коомдук илимдер бөлүмүнүн курамында 4 илимий мекеме жана борборлоштурулган илимий китепкана бар: Ч.Айтматов атындагы Тил жана адабият институту; Б.Джамгерчинов атындагы Тарых, археология жана этнология институту; А.Алтмышбаев атындагы Философия, укук жана сациалдык-саясый  изилдөө институту; Дж. Алышбаев  атындагы экономика  институту; Борбордук илимий китепкана.

Илимий мекемелердеги жалпы кызматкерлердин саны 246, анын ичинен илимий кызматкерлердин саны – 215,  5 академик, 16 корреспондент-мүчө,  37 илимдин доктору, 68 илимдин кандидаты эмгектенишет.

Бөлүм тарабынан 2019-жылы жалпы 185 эл аралык, республикалык илимий конференция, семинар, тегерек столдор уюштурулган жана катышышкан.

Бөлүмдүн алдындагы диссертациялык кеңештерде республикалык жана чет элдик мекемелерден даярдалган 11 докторлук жана 26 кандидаттык  диссертациялар корголгон. Ошондой эле азыркы учурда 270 аспирант билим алышат.


Экс-президент Национальной академии наук КР, академик Шарипа Жоробекова: Указ президента КР о мерах по повышению вклада науки в устойчивое развитие страны вышел в феврале, уже должны были разработать «дорожную карту» по оптимизации научной отрасли, но пока особых мер нет.

Президентское решение должно выполняться, Академию наук и подход к науке в стране действительно надо модернизировать и менять, вузовскую науку надо интегрировать с академической и повышать их научную отдачу, главное – провести эти преобразования так, чтобы они принесли пользу не только Академии, но и государству и обществу. Никакое государство не может быть серьёзным без фундаментальной науки, а для этого нужно соответствующее финансирование…

128
Окумуштуулар
24
Ачылыштар
19
Патенттер