Электрондук кабылдама

+996 (312) 39-23-66;

г.Бишкек, просп. Чуй 265а

Электрондук почта
КР УИАда академик А.Б. Бакировдун 85 жылдык юбилейи белгиленди

2020-жылдын 12-февралында Кыргыз Республикасынын Улуттук илимдер академиясынын Геология институтунда окумуштуулар академик Бакиров Апас Бакировичдин 85 жылдык юбилейи менен куттукташып, академиктин «Ноократия: истоки и перспективы» аттуу китебинин презентациясы өттү.

Академик Бакиров Апас Бакирович, 1935-жылы 12-февралда Нарын облусунун Жумгал районундагы Түгөл-Сай айылында туулган. Ал Фрунзелик политехникалык институттун тоо-кен жана геологиялык факультетин бүтүргөн (1957). Геология-минералогиялык илимдеринин кандидаты (1968), геология-минералогиялык илимдеринин доктору (1973), мүчө-корреспондент (1984), Кыргыз Республикасынын Улуттук илимдер академиясынын академиги (1997).

Бакиров Апас Бакирович ири окумуштуу-геолог, Кыргыз Республикасынын илимине эмгек сиңирген ишмер, геологиялык илимге дүйнөлүк геологиялык коомчулук тарабынан таанылган зор салымын кошкон, тектогенез, метаморфизм жана металлогения процесстеринин өз ара байланыштарын изилдөө боюнча өзүнүн өзгөчө мектебин түзгөн.  Борбордук Азиядагы бул бирден-бир геологиялык-петрологиялык багыттын илимий жетекчиси. Кыргызстандын геологиялык илимдин жаңы жетишкендиктерин көп жолу Эл аралык геологиялык конгресстерде (СССР, Кытай, Норвегия, Япония, Россия) жана башка илимий конференцияларда жана симпозиумдарда көргөзгөн. Академик Апас Бакировдун илимий жетекчилигинин астында геологиялык-минералогиялык илимдеринин 1 доктору жана 7 кандидаттары даярдалган.

А.Б. Бакиров, КР УИАнын M.M. Адышев атындагы Геология институтунун башчысы катары, оор жана өткөөл мезгилде (1985–2005 жж.) 20 жыл кызмат кылган. Академик дүйнөдөгү азыркы илимпоздор менен тыгыз иш жана илимий байланышта болгондуктан, институттун илимий потенциалын жогорку даражага көтөргөн. Борбордук Азияда биринчилерден болуп институттун жааматы жаңы парадигманын (плиталардын тектоникасы) негизинде, Тянь-Шандын геологиясын кайтадан карап чыккан. Япония жана Кытай менен иш байланыштары түзүлгөн.

Академик Апас Бакировдун сыйлыктары: Кыргыз ССР-дин Жогорку Кеңешинин грамотасы (1979), СССР-дин геология министрлигинин “Кен чыккан жерди биринчи ачкан” деген диплому жана төш белгиси менен сыйланган (1979), Кыргыз ССР-дин Жогорку Кеңешинин Ардак грамотасы (1985), Кыргыз ССР-дин Жогорку Кеңешинин Президиумунун көрсөтмөсү менен СССР-дин Жогорку Кеңешинин Президиумунун атынан, “Эмгек ардагери” медалы менен сыйланган (1986), ),. “Кыргыз Республикасынын илимине эмгек сиңирген ишмер” наамы ыйгарылган (1993), III даражадагы «Манас» ордени (2007).


Экс-президент Национальной академии наук КР, академик Шарипа Жоробекова: Указ президента КР о мерах по повышению вклада науки в устойчивое развитие страны вышел в феврале, уже должны были разработать «дорожную карту» по оптимизации научной отрасли, но пока особых мер нет.

Президентское решение должно выполняться, Академию наук и подход к науке в стране действительно надо модернизировать и менять, вузовскую науку надо интегрировать с академической и повышать их научную отдачу, главное – провести эти преобразования так, чтобы они принесли пользу не только Академии, но и государству и обществу. Никакое государство не может быть серьёзным без фундаментальной науки, а для этого нужно соответствующее финансирование…

128
Окумуштуулар
24
Ачылыштар
19
Патенттер