Электрондук кабылдама

+996 (312) 39-23-66;

г.Бишкек, просп. Чуй 265а

Электрондук почта
Машинатаануу жана автоматика институтунун директорун шайлоо

         КР УИАнын Машинатаануу жана автоматика институтунун директорун шайлоо конкурсуна катталган:

         Султаналиев Бактыбек Сабырбекович – техника илимдеринин доктору, КР УИАнын Физика-техникалык, математикалык жана тоо-геологиялык илимдер бөлүмүнүн Машинатаануу жана автоматика институтунун директорунун м.а.

С. Б. Сабырбекович 1963-жылы Ысык-Көл областынын Тору-Айгыр айылында төрөлгөн. 1978-жылы Тору-Айгыр орто мектебин бүтүргөн. 1981-жылы Фрунзе политехникалык техникумун аяктаган. 1983-жылы Харьков политехникалык институтуна окууга өтүп, андан кийин Москва гидромелиоративдик институтуна которулган. 1985-1987-жылдар аралыгында Советтик армиянын аскерлеринин катарында кызмат өтөгөн. 1990-жылы Москва гидромелиоративдик институтун артыкчылык диплому менен аяктаган жана инженер-механик квалификациясы берилген. 1997-жылы техника илимдеринин кандидаты окумуштуу наамы ыйгарылган. 1992-2006-жылдары КР УИАнын Машинатаануу жана автоматика институтунун күч импульстук системасынын лабораториясында илимий, ага илимий, жетектөөчү илимий кызматкери болуп эмгектенген. 2008-жылдан тартып К.И. Скрябин атындагы Кыргыз улуттук агрардык университетинин прикладдык механика, физика жана инженердик педагогика кафедрасынын профессору, 2008-жылдан тартып КР УИАнын Машинатаануу жана автоматика институтунун илимий инженердик борборунун директору, КР УИАнын Машинатаануу жана автоматика институтунун “Шакирт” инженердик борборунун директору, 2014-жылдан тартып КР УИАнын технопаркынын директору, 2017-жылдан тартып КР УИАнын Машинатаануу жана автоматика институтунун директорунун м.а., 2018-жылдан баштап  КР УИАнын Машинатаануу жана автоматика институтунун директору болуп эмгектенген. 2006-ж. техникалык Илимдердин доктору наамы ыйгарылган.

Б. С. Султаналиевдин 70 басылма иши жарык көргөн жана ойлоп-табуу боюнча бир Россиялык патент жана Кыргыз Республикасынын  эки патенти алынган. Анын жетекчилиги астында техника илимдеринин 2 кандидаты даярдалган. Кыргыз Республикасынын Улуттук илимдер академиясынын Машина таануу жана автоматика институтундагы Диссертациялык Советтин мүчөсү. Илимий жетекчи катары кадрларды даярдоо иштерин жүргүзүп келет.

Үй-бүлөлүү,  3 баланын атасы.


Экс-президент Национальной академии наук КР, академик Шарипа Жоробекова: Указ президента КР о мерах по повышению вклада науки в устойчивое развитие страны вышел в феврале, уже должны были разработать «дорожную карту» по оптимизации научной отрасли, но пока особых мер нет.

Президентское решение должно выполняться, Академию наук и подход к науке в стране действительно надо модернизировать и менять, вузовскую науку надо интегрировать с академической и повышать их научную отдачу, главное – провести эти преобразования так, чтобы они принесли пользу не только Академии, но и государству и обществу. Никакое государство не может быть серьёзным без фундаментальной науки, а для этого нужно соответствующее финансирование…

128
Окумуштуулар
24
Ачылыштар
19
Патенттер