2020-жылдын 28-июлунда Кыргыз Республикасынын Улуттук илимдер академиясынын кызматкерлери КР УИАнын президенти, академик М.С. Жуматаевдин жетекчилиги менен Ысык-Көл облусунун Кара-Ой жана Чоктал айылдарынын күндүзгү ооруканаларына гуманитардык жардам көрсөтүштү. Кыргыз Республикасынын Улуттук илимдер академиясынын жетекчилиги жана илимий бөлүмдөрдүн, институттардын директорлору тарабынан чогултулган каражаттарга төмөндөгүлөр алынды:
Р-В үчүн система – 400 даана.
Аскорбин кислотасы 5% 2 мл. – 200 даана.
Натрий хлориди 0,9% 200 мл. – 284 даана
Натрий хлориди 0,9% 500 мл. -100 даана.
Шприц 2,5 мл. – 150 даана.
Шприц 5 мл. – 150 даана.
Шприц 10 мл. – 100 даана.
Капельница үчүн штативдер – 10 даана.
Covid-19 пандемиясына каршы күрөшүүдө Улуттук илимдер академиясы Кыргызстандагы жетүүгө кыйын болгон, алыскы калктуу конуштардагы фельдшердик-акушердик пунктарга жардам көрсөтүүнү улантат.
- Подробности
- Автор: Press
- Просмотров : 1827