Электрондук кабылдама

+996 (312) 39-23-66;

г.Бишкек, просп. Чуй 265а

Электрондук почта
«МАНАС: документтер жыйнагы” китебинин бет ачары жана «Илим мунарасы» аттуу көргөзмөсү өттү

2020-жылдын 5-ноябрында КР Улуттук илимдер академиясында Илим кунүнө карата «МАНАС: документтер жыйнагы» аттуу китептин бет ачары жана 2015-2020-жылдары жарык көргөн китептердин «Илим мунарасы» аттуу көргөзмөсү өттү.

Иш-чарага КР УИАнын  президенти, академик М.С. Джуматаев, КРнын Өкмөтүнүн Аппаратынын билим берүү, маданият жана спорт бөлүмүнүн башчысы Ж.У. Саралаева, КР УИАнын  Ч.Айтматов атындагы Тил жана адабият институтунун директору, академик А.А. Акматалиев, КРнын Президентинин Аппаратынын өкүлдөрү, КР УИАнын анык мүчөлөрү, окумуштуулары катышты.

«МАНАС: документтер жыйнагы» – бул окурманга алгач тартууланып жаткан ар мезгил, ар башка уюмдарда үзүл-кесил, чачыранды болуп сакталып келген 100 жылга жакын тарыхы бар «Манас» эпосун жазып алуу жана иликтөө маселелери тууралуу сейрек документтердин топтому.

Жыйнактын өзөгүн Улуттук илимдер академиясынын архивдинде жана Ч. Айтматов атындагы Тил жана адабият институтунун Кол жазмалар фондунда сакталып турган документтер түздү. Мындан сырткары Кыргыз Республикасынын Президентинин архивинде, Мамлекеттик архив кызматында сакталган документтер топтоштурулду.  Китептеги материалдар манастаануу илиминин өзүнчө илимий багыт катары түптөлүү жана калыптануу процессинде катаал жолдорду басып өткөндүгүн далилдеп турат.

Басылма XX кылымдын 20-жылдарынан XXI кылымдын алгачкы жылдарына чейинки мезгилди камтып, 80 басма табактан турган документтер менен бирге архивдик сүрөттөр менен толукталган. Жыйнакта түрдүү форматтагы иш кагаздары топтолду: жыйын, чогулуш жана конференциялардын стенограммалары, протоколдор, илимий мекемелер жана айрым айтуучулар,  окумуштуу, котормочулар менен болгон кат алышуу, токтомдор.

Жыйнактын мазмуну «Манас» эпосун изилдөө боюнча архивдик материалдардан тышкары акыркы он жылдыкта орун алган тарыхый фактылар, анын ичинде  ЮНЕСКОнун адамзаттын материалдык эмес маданий мурастарынын Репрезентативдик  тизмесине кошулушу жана башка маанилүү учурлар менен толукталган.

Жыйнак Улуттук илимдер академиясынын Ч. Айтматов атындагы Тил жана адабият институтунун академик А. Акматалиев жетектеген окумуштуулар тобу тарабынан даярдалган.

Ошондой эле иш-чаранын алкагында Ч. Айтматов атындагы Тил жана адабият институту тарабынан 2015-2020-жылдары жарык көргөн 365 аталыштагы «Илим мунарасы» аттуу китеп көргөзмөсү уюштурулду.


Экс-президент Национальной академии наук КР, академик Шарипа Жоробекова: Указ президента КР о мерах по повышению вклада науки в устойчивое развитие страны вышел в феврале, уже должны были разработать «дорожную карту» по оптимизации научной отрасли, но пока особых мер нет.

Президентское решение должно выполняться, Академию наук и подход к науке в стране действительно надо модернизировать и менять, вузовскую науку надо интегрировать с академической и повышать их научную отдачу, главное – провести эти преобразования так, чтобы они принесли пользу не только Академии, но и государству и обществу. Никакое государство не может быть серьёзным без фундаментальной науки, а для этого нужно соответствующее финансирование…

128
Окумуштуулар
24
Ачылыштар
19
Патенттер