Электрондук кабылдама

+996 (312) 39-23-66;

г.Бишкек, просп. Чуй 265а

Электрондук почта
Коомдук Айтматов академиясы жаңы академиктер менен толукталды

12-февралда Эл аралык Айтматов клубунун 2016-2018-жылдар үчүн “Адабият, көркөм өнөр жана маданият тармагындагы Эл аралык сыйлыгынын лауреаты” наамына ээ болгондорго жана Коомдук Айтматов академиясына жаңы шайланган академиктерге диплом жана төш белгини тапшыруу аземи болуп өттү. Аталган иш чара КР УИАнын Чыңгыз Айтматов атындагы Тил жана адабият институту жана Эл аралык Айтматов клубу тарабынан уюштурулган.


Сыйлык тапшыруу аземине Чынгыз Айтматовдун карындашы Р.Т. Айтматова, СССРдин эл артисти К. Сартбаева, КРнын Эл артисттери Д. Жалгасынова, С. Далбаев, Ж. Сейдакматова жана башка адабият, маданият айдыңындагы инсандар катышышты.

Эл аралык Айтматов клубунун “Адабият, көркөм өнөр жана маданият тармагындагы Эл аралык сыйлыгынын лауреаты” деген наам: жазуучу Султан Раевге “Топон” романы, театр жана кино актёру Нурканбек Турсунбаевге Ч. Айтматовдун жана дүйнөлүк классикалык башка чыгармалар боюнча спектаклдерде, фильмдерде мыкты ролдорду жараткандыгы жана маданий-уюштуруучулук ишмердиги, Өзбек Республикасынын Эл артисти Мирзажон Азизовго Ч.Айтматовдун чыгармаларын театр өнөрү аркылуу өзбек көрөрмандарына жеткирүүгө сиңирген көп жылдык үзүрлүү эмгеги, актриса Анара Сыдыгалиевага Ч.Айтматовдун “Саманчынын жолу” спектаклинде башкы каарман Толгонайдын образын эң жогорку чеберчилик деңгээлде жараткандыгы, актёр, киносценарист, кинорежиссёр Бакт Мукулга улуттук театр жана кино өнөрүнө сиңирген көп жылдык үзүрлүү эмгеги, “Учур” театрынын режиссеру жана артисттери Ш. Шейшенов, Б. Асанова, Ч.Мамаев, Н. Копоев, А. Ажыканова, И. Токтокожоеваларга Ч. Айтматовдун чыгармалары боюнча коюлган “Кыямат”, “Жаабарс” спектаклдеринде мыкты образдарды жараткандыктары үчүн ыйгарылды.

 

КР УИАнын Чыңгыз Айтматов атындагы Тил жана адабият институтунун директору, академик Абдылдажан Амантурович Акматалиев: “Сыйлык ээлерин тандоо оңойго турган жок. Жогорудагы инсандардын чыгармачылыгын атайын комиссия карап чыгып, тандалып алынды”- деди өз куттуктоосун айтып жатып.

Коомдук Айтматов академиясы 2018-жылы жаңы академиктер менен толукталды. Алар: филология илимдеринин доктору, академик Иса Габиббейли (Азербайжан), филология илимдеринин доктору, профессор Мейлибаев Ахмаджон Мейлибаевич (Өзбекистан), филология илимдеринин доктору, профессор Миннуллин Ким Мугаллимович (Татарстан) жана филология илимдеринин доктору Бакашова Жылдыз Кемеловна (Кыргызстан).

 

Эске сала кетсек, Эл аралык Айтматов клубу 1989-жылы көркөм адабиятты, искусствону, маданиятты, элдин тарыхын жана салт-санаасын, Ч.Айтматовдун чыгармаларын эл аралык илимий, маданий байланыштардын чыңдалышына салым кошуу максатында уюшулган. Клубдун сыйлыгы 1991-жылдан бери берилип келе жатат. “Айтматов клубунун адабият, көркөм өнөр жана маданият тармагындагы эл аралык сыйлыгынын” алгачкы лауреаттары: француз жазуучусу Луи Арагон, казак жазуучусу Мухтар Ауэзов, сүрөтчү, киноактёр Сүймөнкул Чокморов болгон.

  


Экс-президент Национальной академии наук КР, академик Шарипа Жоробекова: Указ президента КР о мерах по повышению вклада науки в устойчивое развитие страны вышел в феврале, уже должны были разработать «дорожную карту» по оптимизации научной отрасли, но пока особых мер нет.

Президентское решение должно выполняться, Академию наук и подход к науке в стране действительно надо модернизировать и менять, вузовскую науку надо интегрировать с академической и повышать их научную отдачу, главное – провести эти преобразования так, чтобы они принесли пользу не только Академии, но и государству и обществу. Никакое государство не может быть серьёзным без фундаментальной науки, а для этого нужно соответствующее финансирование…

128
Окумуштуулар
24
Ачылыштар
19
Патенттер