Электрондук кабылдама

+996 (312) 39-23-66;

г.Бишкек, просп. Чуй 265а

Электрондук почта
КР УИАнын Химия-технологиялык, медицина-биологиялык жана айыл-чарба илимдери бөлүмүнүн 2020-жылга карата отчету

2021-жылдын 12-январында КР УИАнын Химия-технологиялык, медицина-биологиялык жана айыл-чарба илимдери бөлүмүнүн 2020-жылга карата илимий жана илимий-уюштуруу ишмердүүлүгүнүн жыйынтыктары жөнүндө отчету өттү.

Иш-чарага КР УИАнын президенти, академик М.С.Джуматаев, КР УИАнын академиктери, корреспондент-мүчөлөрү, илимий-изилдөө институттарынын директорлору жана илимий кызматкерлер катышты.

Иш-чарада Химия-технологиялык, медицина-биологиялык жана айыл-чарба илимдери бөлүмүнүн төрагасы И.А. Ашимовдун “Бөлүмдүн илимий жана илимий-уюштуруу иш-аракеттеринин негизги жыйынтыктары” жана академик Д.К. Кудаяровдун “Бөлүмдүн мүчөлөрүнүн 2020-жылы илимдин жана илимий изилдөөлөрдүн өнүгүшүнө кошкон салымы” аттуу докладдары окулуп талкууланды.

Бөлүм беш илимий-изилдөө институтун ичине камтыйт: Химия жана фитотехнология институту, Биология институту, Биотехнология институту, Тоо физиологиясы жана медицина институту, Э.З. Гарээв атындагы Ботаникалык бак.

Химия-технологиялык, медицина-биологиялык жана айыл-чарба илимдери бөлүмүнүн кызматкерлеринин жалпы саны 479, анын ичинде 10 академик, 11 корреспондент-мүчө, 38 илимдин доктору жана 97 илимдин кандидаты бар.

Бөлүмдө жыл ичинде  246 илимий эмгек жарыяланып, алардын 108и чет өлкөлөрдө жарыяланган. Индекстелген журналдарда: РИНЦ – 109, Scopus – 9, Web of Science – 6. Ойлоп табууга 4 патент алынган. 8 эл аралык жана республикалык илимий форумдар өткөрүлдү. 2 монография жана 2 окуу куралы басылып чыккан.

Отчеттук жылы 11 адам аспирантурага кабыл алынып, 8 доктор жана 4 илимдин кандидаты даярдалды.

 


Экс-президент Национальной академии наук КР, академик Шарипа Жоробекова: Указ президента КР о мерах по повышению вклада науки в устойчивое развитие страны вышел в феврале, уже должны были разработать «дорожную карту» по оптимизации научной отрасли, но пока особых мер нет.

Президентское решение должно выполняться, Академию наук и подход к науке в стране действительно надо модернизировать и менять, вузовскую науку надо интегрировать с академической и повышать их научную отдачу, главное – провести эти преобразования так, чтобы они принесли пользу не только Академии, но и государству и обществу. Никакое государство не может быть серьёзным без фундаментальной науки, а для этого нужно соответствующее финансирование…

128
Окумуштуулар
24
Ачылыштар
19
Патенттер