2021-жылдын 15-январында КР УИАнын Коомдук илимдер бөлүмүнүн 2020-жылга карата илимий-изилдөөчүлүк жана илимий-уюштуруучулук ишмердүүлүгү боюнча жылдык отчету өттү. Жылдык отчетко КР УИАнын президенти М.С. Джуматаев, КР УИАнын академиктери, корреспондент-мүчөлөрү жана бөлүмдүн кызматкерлери катышты.
Жылдык отчеттун жүрүшүндө Коомдук илимдер бөлүмүнүн төрагасы, академик А.А. Акматалиев “Бөлүмдүн 2020-жылы аткарган илимий-изилдөөчүлүк жана илимий-уюштуруучулук ишмердүүлүгүнүн негизги көрсөткүчтөрү жана натыйжалары тууралуу”, корреспондент-мүчө А.А. Асанканов “2020-жылдагы Бөлүмдүн мүчөлөрүнүн ишмердүүлүгү жана илимдин өсүп өнүгүшүнө кошкон салымы” тууралуу билдирүү жасашып, талкууланды.
Коомдук илимдер бөлүмүнүн курамында 6 илимий мекеме жана борборлоштурулган илимий китепкана бар: Ч.Айтматов атындагы Тил жана адабият институту; Б.Джамгерчинов атындагы Тарых, археология жана этнология институту; А.Алтмышбаев атындагы Философия, укук жана сациалдык-саясый изилдөө институту; Дж. Алышбаев атындагы экономика институту; Саясый изилдөөлөр жана экспертизалар борбору; Кыргыз Энциклопедиясы; Борбордук илимий китепкана.
Илимий мекемелердеги жалпы кызматкерлердин саны 273, анын ичинен илимий кызматкерлердин саны – 223, 5 академик, 12 корреспондент-мүчө, 41 илимдин доктору, 67 илимдин кандидаты эмгектенишет.
Бөлүм тарабынан 2020-жылы жалпы 222 эл аралык, республикалык илимий конференция, семинар, тегерек столдор уюштурулган жана катышышкан.
Бөлүмдүн алдындагы диссертациялык кеңештерде республикалык жана чет элдик мекемелерден даярдалган 10 докторлук жана 9 кандидаттык диссертациялар корголгон. Ошондой эле азыркы учурда 270 аспирант билим алышат.
- Подробности
- Автор: Press
- Просмотров : 1726