Электрондук кабылдама

+996 (312) 39-23-66;

г.Бишкек, просп. Чуй 265а

Электрондук почта
УИАнын ТҮШТҮК БӨЛҮМҮНҮН ЖЫЛ ЖЫЙЫНТЫГЫ

2019-жылдын 6 – февралында КР УИАнын президенти, академик М. С. Джуматаев, КРнын Ош облусундагы ыйгарым укуктуу өкүлүнүн биринчи орун басары Б. Ю. Юсупов, Ош шаарынын вице-мэри    Н. С. Кадыров, ЖОЖдордун ректорлору, академиктер, корреспондент-мүчөлөр жана бөлүмдүн кызматкерлеринин катышуусунда КР УИАнын Түштүк бөлүмүнүн жылдык отчету өттү.


КР УИАнын Президенти, академик М. С. Джуматаев катышуучуларды КР УИАнын жалпы жылдык отчет жана алдыга коюлган пландары менен тааныштырып, жыл жыйынтыгына бийлик өкүлдөрүнүн катышып жаткандыгына ыраазычылыгын билдирди. Мындай тыгыз байланыш илимий жааттагы жетишкендиктерге чоң таасирин тийгизээрин белгиледи.

   

КР Ош облусундагы ыйгарым укуктуу өкүлүнүн биринчи орун басары Б. Ю. Юсупов: “илим – мамлекетти өнүктүрүп туруучу негизги тармак болгондуктан, мамлекеттик түзүмдөр УИАнын Түштүк бөлүмү менен биргеликте иш алып баруусу маанилүү”- деп баса белгиледи.

Жыйында КР УИАнын Түштүк бөлүмүнүн төрагасы м.и.д., профессор Ю. О. Тайчиев жана академия мүчөлөрү бөлүмдүн жылдык отчету менен тааныштырышты. Катышуучулар сын-пикирлерин жана сунуштарын билдирди.

  

Белгилей кетсек, КР УИАнын Түштүк бөлүмүндө: А.С.Джаманбаев атындагы Жаратылыш байлыктары институту (ЖБИ), П.А.Ган атындагы токой жана жаңгакчылык институту (ТжЖИ), Гуманитардык жана регионалдык изилдөөлөр институту (ГжРИИ) бар. Ошондой эле бөлүмдө 180 кызматкер, алардын ичинде 5 академик, 2 корреспондент – мүчө, 23 илимдин доктору, 38 илимдин кандидаты эмгектенет.

2018- жылы кызматкерлер тарабынан 132 илимий эмгектер, алардын 38и чет мамлекеттик басылмаларда (РИНЦ – 36, Scorpus – 2, Web of Science – 4) жарык көргөн. А.С. Джаманбаев атындагы Жаратылыш байлыктары институту (ЖБИ) жаңы ачылыш үчүн 1 патент алган.

 

 

 

 

 


Экс-президент Национальной академии наук КР, академик Шарипа Жоробекова: Указ президента КР о мерах по повышению вклада науки в устойчивое развитие страны вышел в феврале, уже должны были разработать «дорожную карту» по оптимизации научной отрасли, но пока особых мер нет.

Президентское решение должно выполняться, Академию наук и подход к науке в стране действительно надо модернизировать и менять, вузовскую науку надо интегрировать с академической и повышать их научную отдачу, главное – провести эти преобразования так, чтобы они принесли пользу не только Академии, но и государству и обществу. Никакое государство не может быть серьёзным без фундаментальной науки, а для этого нужно соответствующее финансирование…

128
Окумуштуулар
24
Ачылыштар
19
Патенттер