Электрондук кабылдама

+996 (312) 39-23-66;

г.Бишкек, просп. Чуй 265а

Электрондук почта
Кичи футбол боюнча Улуттук илимдер академиясынын кубогу

2021-жылы 20-мартта кичи футбол аянтчасынын ачылышы болуп, спорттук аянтчанын ачылышынын урматына “Кыргыз Республикасынын Улуттук илимдер академиясынын” кубогу үчүн кичи футбол боюнча мелдеш болуп өттү. Мелдеш КР УИАнын илимий-изилдөө институттарынын арасында өттү.

Ачылыш аземине Кыргыз Республикасынын Президентинин кеңешчиси М.О.Букуев, Кыргыз Республикасынын Улуттук илимдер академиясынын президенти М.С. Джуматаев, КР УИАнын илимий-изилдөө институттарынын директорлору жана кызматкерлери катышты.

Мелдеш кызматкерлер арасында дене тарбия жана спортту кеңири жайылтуу, аларды спортко тартуу жана сергек жашоону жайылтуу максатында өткөрүлдү.

Турнирге 5 команда катышты (КР УИАнын Президиуму, Суу маселелери жана гидроэнергетика институту, Биология институту, Химия жана фитотехнология институту, Коомдук илимдер бөлүмү). Бардык командалар чебер оюн көрсөтүшүп, жакшы таймаш болду.

Биринчи орунду КР УИАнын Суу маселелери жана гидроэнергетика институту, экинчи орунду Биология институту, үчүнчү орунду Коомдук илимдер бөлүмү ээледи.

Жеңүүчүлөргө кубок, дипломдор жана сыйлыктар тапшырылды.

 


Экс-президент Национальной академии наук КР, академик Шарипа Жоробекова: Указ президента КР о мерах по повышению вклада науки в устойчивое развитие страны вышел в феврале, уже должны были разработать «дорожную карту» по оптимизации научной отрасли, но пока особых мер нет.

Президентское решение должно выполняться, Академию наук и подход к науке в стране действительно надо модернизировать и менять, вузовскую науку надо интегрировать с академической и повышать их научную отдачу, главное – провести эти преобразования так, чтобы они принесли пользу не только Академии, но и государству и обществу. Никакое государство не может быть серьёзным без фундаментальной науки, а для этого нужно соответствующее финансирование…

128
Окумуштуулар
24
Ачылыштар
19
Патенттер