Электрондук кабылдама

+996 (312) 39-23-66;

г.Бишкек, просп. Чуй 265а

Электрондук почта
КР УИАнын академиги А.Ч. Какеев 86 жаш курагында дүйнөдөн өттү

2021-жылдын 25-апрелинде  коомдук жана мамлекеттик ишмер, философия илимдеринин доктору (1991), профессор (1993), Кыргыз Республикасынын Улуттук илимдер академиясынын академиги (1993), Кыргыз Республикасынын илимине эмгек сиңирген ишмер (1995), Кыргыз Республикасынын илим жана техника жаатындагы мамлекеттик сыйлыктын лауреаты (2002) Какеев Аскар Чукутаевич 86 жаш курагында дүйнөдөн өттү.

Какеев Аскар Чукутаевич  1935-жылы 10-декабрда Чүй облусунун, Кегети айылында төрөлгөн. 1958-ж. Кыргыз Мамлекеттик Университетинин биология факультетин  бүтүргөн. 1960-63-жылдары Илимдер академиясында аспирантурада окуган. 1963-68-жылдары Кыргыз ССР илимдер академиясында аспирантура бөлүмүнүн алдындагы Философия кафедрасында окутуучу, улук окутуучу, 1965-84-жылдары Кыргыз Айыл-чарба институтунда кафедра башчысы, 1984-88-жылдары Кыргызстан КП БКда илим жана окуу жайлар бөлүмүнүн башчысынын орун басары, 1989-92-жылдары Кыргыз ССР Илимдер академиясынын Философия жана укук таануу институтунун директору, 1992-1993-жылдары Кыргыз Республикасынын Президентинин Аппаратынын жетекчиси-мамлекеттик катчысы, 1993-98-жылдары Кыргыз Республикасынын Билим берүү, илим жана маданият министри, 1998-2000-жылдары Кыргыз Республикасынын президентинин кеңешчиси, 2000-2005-жылдары Кыргыз Улуттук Университетиин ректору, 2005-жылдан баштап КРСУда профессор, кафедра башчысы болуп эмгектенген.

200дөн ашуун илимий эмгектин (анын ичинде 4 монография, 5 окуу китеп) автору. «Ардак Белгиси», 3-даражадагы “Манас” ордендери жана медальдар менен сыйланган.

Үй-бүлөсүнө, бир туугандарына жана жакындарына терең кайгыруу менен көңүл айтып, орду толгус жоготууну тең бөлүшөбүз.

 


Экс-президент Национальной академии наук КР, академик Шарипа Жоробекова: Указ президента КР о мерах по повышению вклада науки в устойчивое развитие страны вышел в феврале, уже должны были разработать «дорожную карту» по оптимизации научной отрасли, но пока особых мер нет.

Президентское решение должно выполняться, Академию наук и подход к науке в стране действительно надо модернизировать и менять, вузовскую науку надо интегрировать с академической и повышать их научную отдачу, главное – провести эти преобразования так, чтобы они принесли пользу не только Академии, но и государству и обществу. Никакое государство не может быть серьёзным без фундаментальной науки, а для этого нужно соответствующее финансирование…

128
Окумуштуулар
24
Ачылыштар
19
Патенттер