Электрондук кабылдама

+996 (312) 39-23-66;

г.Бишкек, просп. Чуй 265а

Электрондук почта
ХИМИЯ-ТЕХНОЛОГИЯЛЫК, МЕДИЦИНА-БИОЛОГИЯЛЫК ЖАНА АЙЫЛ-ЧАРБА ИЛИМДЕРИ БӨЛҮМҮНҮН ЖЫЛДЫК ОТЧЕТУ

29-январда КР УИАнын Химия-технологиялык, медицина-биологиялык жана айыл-чарба илимдери бөлүмү (ХТМБАЧИБ) 2018-жылы жасаган иштеринин отчётун тапшырды.


Өткөн жылы жалпысынан 266 илимий иш жарыяланып, алардын 139у чет элдик басылмаларга (индекстүү журналдар: РИНЦ; Scopus; WebofSci) чыккан. Андан сырткары, 6 монография жана 22 окуу жана окуу усулдары басылып чыгып, иштелмелер үчүн 11 патент алынган. Отчеттук жылда 8 эл аралык жана республикалык илимий форум өткөрүлүп, аларга бөлүмдүн 161 кызматкери катышкан.

2018-жылы 76 млн 824 миң сомго 5 илимий долбоор ишке ашырылган. Ал эми эл аралык грант менен 250,7 миң АКШ долларына 39 долбоор, чарбалык келишим менен 974,3 миң сомго 12 долбоор ишке киргизилген.  

   

Химия-технологиялык, медицина-биологиялык жана айыл-чарба илимдери бөлүмүнүн  төрагасы Исабек Ашимович Ашимов жыл жыйынтыгы тууралуу докладында өткөн жыл жемиштүү болуп, бир топ илимий жетишкендиктер болгондугун белгилеп, жаңы жылга коюлган илимий ишмердүүлүк пландарына кыскача токтолду. Жыйындын катышуучулары өлкөнүн өндүрүш сектору менен болгон байланышты кеңейтүү жана тереңдетүү, илимдин приоритеттүү багыттары үчүн жогорку квалификациялуу илимий кадрларды даярдоо жана бөлүмдүн пропагандалык иштерин күчөтүү тууралуу талкуулап, өз сунуштарын  жана ой-пикирлерин айтышты.

КР УИАнын президенти, академик  Мурат Садырбекович  Джуматаев бөлүмдүн бир топ ийгиликтерге жетишкендигин белгилеп, ошондой эле илимпоздордун эмгеги текке кетпеши үчүн аракет жасоону, окуу куралдарынын жалпыга түшүнүктүү жана жеткиликтүү тилде жазуу керектигин баса белгиледи. 


Экс-президент Национальной академии наук КР, академик Шарипа Жоробекова: Указ президента КР о мерах по повышению вклада науки в устойчивое развитие страны вышел в феврале, уже должны были разработать «дорожную карту» по оптимизации научной отрасли, но пока особых мер нет.

Президентское решение должно выполняться, Академию наук и подход к науке в стране действительно надо модернизировать и менять, вузовскую науку надо интегрировать с академической и повышать их научную отдачу, главное – провести эти преобразования так, чтобы они принесли пользу не только Академии, но и государству и обществу. Никакое государство не может быть серьёзным без фундаментальной науки, а для этого нужно соответствующее финансирование…

128
Окумуштуулар
24
Ачылыштар
19
Патенттер